Көрүүсү начарлар үчүн версия

Билим берүү роликтери

“Зордук-зомбулуксуз жашоо укугу”

Бул видеодо биз майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоонун жана ар бир адам өзүн коопсуз сезе турган коомду түзүүнүн канчалык маанилүү экендиги жөнүндө айтып беребиз.

“Биз инклюзивдүү коом үчүн!”

10-декабрь — Адам укуктарынын күнү. Бул коопсуздук, кадыр-барк жана коргоо артыкчылык эмес, ар бир адамдын укугу экенин эскертет.

Майыптыгы бар аялдар жана кыздар зомбулукка көбүрөөк, оор түрдө кабылышат жана көп учурда жардам суроого мүмкүнчүлүктөрү жок.

“Тоскоолдуктарды жоюу: ар бир адамга колдоо”

Майыптыгы бар адамдар биздин коомдун ажырагыс бөлүгү. Ден-соолугуна байланыштуу тоскоолдуктардан өтүп, алар активдүү жашоого мүмкүнчүлүк табышат, илимий ачылыштарды жасашат, спорттук рекорддорго жетишет, көркөм чыгармаларды жаратышат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча майыптарды коргоо боюнча ар кандай кыймылдар негизги өзгөртүүлөрдү киргизишти – майыптыкты жеке трагедия катары кароодон тартып адам укуктарынын маселеси катары кароого чейин.

“Эрте турмуш курган кыздар кандай кыйынчылыктарга кабыл болушат?”

Эрте турмуш курган кыздар кандай кыйынчылыктарга кабыл болушат?