1999-жылдан бери жарандык, билим берүү жана саясий ишмердүүлүктөгү Социалдык технологиялар агенттигинин тарыхы.
"Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмеси.
Эл.билдирүү: ngo.sta.kg@gmail.com
Долбоор гендердик теңчиликти илгерилетүү жана гендердик дискриминацияны болтурбоо, коомдун бардык деңгээлдеринде позитивдүү гендердик баяндарды жайылтууда мамлекеттик органдарга, жарандык коом уюмдарына, билим берүү уюмдарына жана массалык маалымат каражаттарына колдоо көрсөтүүгө багытталган.
«INKOOM – КЫРГЫЗСТАНДА АДИЛЕТТҮҮ ЖАНА ИНКЛЮЗИВДҮҮ КООМДУ ӨНҮГҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРҮҮ»
Долбоор “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмеси жана “Социологиялык, саясат таануу жана социалдык-психологиялык изилдөөлөр борбору” бейөкмөт уюму тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
2022-2025-жылдардагы союз.
Жаңылыктар
«Аялдар бириксе, бүтүндөй бир айылдын жашоосун өзгөртө алат»: Жогорку Кеңеште аялдар тармактарын колдоо маселеси талкууланды
October 13, 2026
«Тынчтык булагы» тармагынын Баткен облусундагы мүчөсү Нургул Ысакова айылдык аялдардын Жогорку Кеңештин депутаттары менен болгон жолугушуусунда долбоорлор аяктагандан кийин аялдар бирикмелеринин келечеги кандай болору тууралуу маселени көтөрдү.
Депутат элеттик аялдардын демилгесин жазуу жүзүндө даярдап, мамлекеттик органдарга жөнөтүүнү сунуштады
October 13, 2026
«Тынчтык булагы» тармагынын катышуучулары Коомдук-консультативдик кеңештердин (ККК) ролун кеңейтип, алар этностор аралык чыр-чатактардын гана эмес, суу тартыштыгы, климаттын өзгөрүшү, жер жана башка жаратылыш ресурстарына байланыштуу чыңалуунун да алдын алууга көмөктөшүүсүн сунушташты.
Элеттик аялдардын үнү — Жогорку Кеңеште: үч облустун өкүлдөрү өз демилгелерин сунушташты
October 13, 2026
13-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Эл аралык айылдык аялдар күнүнө карата диалог болуп өттү. Ага Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан «Тынчтык булагы — климаттык жана суу коопсуздугу үчүн аялдар» тармагынын 15 өкүлү катышты.