Көрүүсү начарлар үчүн версия

Билим берүү роликтери

“Зомбулук учурларын чагылдырууда кандай сүрөттөр жана видеолор колдонулбашы керек?”

Аялдарга карата зомбулукту чагылдырган учурда журналисттер көбүнчө этикага туура келбеген фото жана видеолорду колдонушат. Мындай материалдар көрүүчүнүн көңүлүн бурганы менен, жабырлануучуга зыяны тийип же аудиторияга терс таасир бериши мүмкүн. Болбосо, журналисттин биринчи эрежеси — зыяныңды тийгизбе.
Бул видеодо аялдарга карата зомбулукту чагылдырууда кандай сүрөттөрдү колдонууга болбой тургандыгы жөнүндө айтып беребиз.

“Аялдарга болгон зомбулукту кантип туура чагылдыруу керек”
“Медиадагы гендердик стереотиптер”
“Тоскоолдуктарды жоюу: ар бир адамга колдоо”

Майыптыгы бар адамдар биздин коомдун ажырагыс бөлүгү. Ден-соолугуна байланыштуу тоскоолдуктардан өтүп, алар активдүү жашоого мүмкүнчүлүк табышат, илимий ачылыштарды жасашат, спорттук рекорддорго жетишет, көркөм чыгармаларды жаратышат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча майыптарды коргоо боюнча ар кандай кыймылдар негизги өзгөртүүлөрдү киргизишти – майыптыкты жеке трагедия катары кароодон тартып адам укуктарынын маселеси катары кароого чейин.