Коопсуздукка болгон укук — баарына тиешелүү.
Бирок майыптыгы бар аялдар үчүн бул укук алигиче өтө көп учурда жеткиликсиз бойдон калууда.
Бул видеодо эксперттер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ачык айтып беришет:
— майыптыгы бар аялдарга карата зомбулук эмне үчүн «көзгө көрүнбөй» калып жатат;
— жардам алуу үчүн кандай кадамдарды жасоого болот;
— коргоо чындап жеткиликтүү болушу үчүн эмне өзгөрүшү керек — кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө.
Бул видеодо биз майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоонун жана ар бир адам өзүн коопсуз сезе турган коомду түзүүнүн канчалык маанилүү экендиги жөнүндө айтып беребиз.
Майыптыгы бар адамдар биздин коомдун ажырагыс бөлүгү. Ден-соолугуна байланыштуу тоскоолдуктардан өтүп, алар активдүү жашоого мүмкүнчүлүк табышат, илимий ачылыштарды жасашат, спорттук рекорддорго жетишет, көркөм чыгармаларды жаратышат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча майыптарды коргоо боюнча ар кандай кыймылдар негизги өзгөртүүлөрдү киргизишти – майыптыкты жеке трагедия катары кароодон тартып адам укуктарынын маселеси катары кароого чейин.