Элеттик аялдардын үнү — Жогорку Кеңеште: үч облустун өкүлдөрү өз демилгелерин сунушташты
13-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Эл аралык айылдык аялдар күнүнө карата диалог болуп өттү. Ага Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан «Тынчтык булагы — климаттык жана суу коопсуздугу үчүн аялдар» тармагынын 15 өкүлү катышты.

Элеттик активист аялдар, фермерлер жана жергиликтүү лидерлер аймактардагы аялдар күн сайын туш болгон маселелерди депутаттар менен түздөн-түз талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты. Алардын арасында сугат суусунун тартыштыгы, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери, чыр-чатактардын алдын алуу, аялдардын жаратылыш ресурстарын башкарууга жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу сыяктуу маселелер бар.
Бүгүнкү күндө «Тынчтык булагы» тармагы 20 пилоттук коомчулуктан 280 аял-лидерди бириктирет. Алардын арасында жергиликтүү кеңештердин 39 аял депутаты бар. Тармактын катышуучулары өз айылдарындагы көйгөйлөрдү көтөрүү менен гана чектелбестен, конкреттүү демилгелерди иштеп чыгып, жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташып келишет.
Тармактын катышуучулары көйгөйлөрдү гана көтөрбөстөн, мамлекеттик түзүмдөр жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташууну кантип жолго коюу боюнча да конкреттүү сунуштарын беришти.

Диалогду Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктарын жана гендердик теңчиликти коргоо боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Эркеайым Сейтказиева ачты. Ал өз сөзүндө жергиликтүү коомчулуктардын жашоосуна түздөн-түз таасир эткен маселелерди талкуулоого айылдык аялдардын түз катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, чечимдерди кабыл алууда алардын сунуштарын эске алуу зарылдыгын баса белгиледи.
БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева куттуктоо сөзү менен чыгып, элеттик аялдардын коомчулуктардын туруктуулугун камсыз кылуудагы, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоодогу жана жаратылыш ресурстарын башкаруудагы маанилүү ролун белгиледи. Ошондой эле аялдардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Жолугушууда аялдардын суу ресурстарын башкарууга катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар сугат суусунун тартыштыгы, жергиликтүү байкоолорду эске алуунун зарылдыгы жана элеттик аялдардын өз коомчулуктарынын жашоосуна таасир этүүчү чечимдерди талкуулоого катышуусу керектиги тууралуу сөз кылышты.
Катышуучулар жергиликтүү климаттык пландарды иштеп чыгуу, климат, суу жана чыр-чатактардын алдын алуу маселелерин социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына киргизүү, Бассейндик жана коомдук-консультативдик кеңештер менен кызматташуу, ошондой эле аялдардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун кеңейтүү боюнча сунуштарын беришти.

Диалогдун практикалык жыйынтыктарынын бири — депутаттардын аялдар көтөргөн демилгелерди тиешелүү мамлекеттик органдарда андан ары кароо үчүн жазуу жүзүндө берүүнү сунушташы болду. Мындай формат сунуштарды кароонун жыйынтыгын алдын ала аныктабастан, талкууну расмий кат алышуунун алкагында улантууга мүмкүнчүлүк берет.
Иш-чара БУУӨП жана «БИОМ» Экологиялык кыймылы» КБ тарабынан БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Фергана өрөөнүнүн аялдары климаттын өзгөрүшүнө туруктуулуктун, адаптациянын жана тынчтыктын алдыңкы сабында» долбоорунун алкагында өттү.