"InKoom" долбоорунун координатору Бактыгүл Исланбекова Жамааттык медианын "Эл собол" берүүсүнүн түз эфиринде майыптыгы бар адамдар туш болгон тоскоолдуктар, зордук-зомбулук жана алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан субгранттардын максаттары жөнүндө айтып берди.
Гендердик жана антидискриминациялык экспертиза боюнча команда мүчөсү Татьяна Матохина Kaktus.media интервьюсунда мектеп китептеринде гендердик тең салмакты сактоонун маанисин жана мугалимдердин өздөрү гендердик стереотиптерден кантип кутулууга болорун түшүндүрдү.
Жамааттык медиага берген маегинде, мектеп китептеринин гендердик дискриминацияга каршы экспертизанын иши боюнча "InKoom" долбоорунун координатору Бактыгүл Исланбекова жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу айтып берди.