Көрүүсү начарлар үчүн версия

Чыгып сүйлөөлөр

“АЯЛДАРДЫН ЛИДЕРЛИГИ ЖАНА ИНКЛЮЗИВДҮҮЛҮКТҮН МААНИЛҮҮЛҮГҮ: МАЙЫПТЫГЫ БА АЯЛДАРДЫ КОЛДОЙЛУ”

2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аялдардын лидерлиги жана анын заманбап коомго тийгизген таасири боюнча маанилүү диалог болуп өттү. Депутаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ар кайсы тармактагы лидер аялдар кирген катышуучулар аялдардын лидерлигин илгерилетүү, зомбулукка жана басмырлоого каршы күрөшүү, ошондой эле коомдук жана саясий турмушта аялдардын ролун күчөтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.