Көрүүсү начарлар үчүн версия

Басылмалар

“Майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын гендердик басмырлоодон жана зомбулуктан коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы жөнүндө аналитикалык жазма”

Зомбулуктун алдында өзгөчө аялуу болуп, ар түрдүү басмырлоо формаларынан жабыркаган айрым топтогу аялдар, анын ичинде майыптыгы бар аялдар дагы бар. Аялдарга карата зомбулук эркектер менен аялдардын ортосундагы теңсиздик түшүнүгүнө таянып, укук коргоо изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, зомбулуктун өзгөчө себептери аялдарды басмырлоонун жана баш ийдирүү формаларынын жалпы көйгөйүнө кирет. Зомбулукка дуушар болуу укуктардын жоктугу менен шартталат. Үй-бүлөдө аялдарга карата зомбулук үй-бүлөлүк зомбулуктун басмырлоочу жана/же анын баш ийдирүүсү түрүндө болушу мүмкүн

“Инклюзивдүү гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары”

“Инклюзивдүү гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары” окуу куралы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерине арналат жана алар тарабынан “Журналистика” адистиги боюнча өзүнчө курстун алкагында, ошондой эле “Социалдык жарнаманын тарыхы”, “Жарнаманы жана продуктту иштеп чыгуу”, “Массалык коммуникациянын психологиясы” курстарын окутууда өздөштүрүлүшү мүмкүн. Сунушталган материалдар студенттерге медиа сабаттуулук чөйрөсүндө гендер жана инклюзия маселелеринин актуалдуулугун түшүнүүгө жардам берет. Алар курстук жана бүтүрүүчү квалификациялык иштердижазууда эске алынышы керек

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЗОМБУЛУККА КАБЫЛГАН МАЙЫПТЫГЫ БАР АЯЛДАРДЫН УКУКТАРЫН КОРГОО”

Соттор, прокурорлор, адвокаттар, милиция кызматкерлери, социалдык жана башка кызматтар үчүн окуу-практикалык колдонмо