Көрүүсү начарлар үчүн версия
Ысык-Көл облусунда Гендердик теңчилик жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо боюнча аймактык кеңешмелер болуп өттү.

2024-жылдын 8-июнунда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо боюнча аймактык кеңешмелер болуп өттү. Келечекте мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүү өлкөдөгү гендердик кырдаалга оң таасирин тийгизиши мүмкүн.

Кеңешменин катышуучулары

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева, Эмгек министринин милдетин аткаруучу Жылдыз Полотова видеоконференция аркылуу, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева

Жыйындын жүрүшүндө депутат Камила Талиева Долбоордун максаттары жана мааниси жана «Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу айтып берди. Депутат белгилегендей, Кыргыз Республикасында аялдар менен эркектердин тең укуктуулугуна жетишүү өнүгүүнүн негизги максаттарынын бири катары таанылат.

«Гендердик теңчиликтин негиздери Мыйзамда жана 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жазылган. 2024-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2030-жылга чейин Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа бекитилген, анда ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилик кызматтарында аялдардын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу боюнча, анын ичинде мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен атайын иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу каралган», — деди Камила Талиева.

Гендердик теңчилик жөнүндө мыйзамга Нарын жана Ысык-Көл облустарынын өкүлдөрү сунуштарды жана толуктоолорду киргизишти

«Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактык жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, лидер аялдар, жергиликтүү тургундар өздөрүнүн сунуштарын жана ой-пикирлерин сунушташты.

Ошондой эле, иш-чаранын катышуучуларына гендердик теңчилик жаатындагы мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди.

Талас облусунда өткөн Регионалдык консультация

Буга чейин ушундай эле иш-чара Таласта да уюштурулуп, анда сунуштар топтолгон. Кийинки кезекте  башка аймактар ​​жана Бишкектеги Улуттук конференция уюштуруу пландаштырылууда.

Иш-чара Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылган “InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдик коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин техникалык колдоосу менен уюштурулду.