СТА Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун алдындагы Коомдук кеңештин курамына кирди
«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси (СТА) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун алдындагы Коомдук кеңештин курамына кирди. Жаңы консультативдик-кеңеш берүүчү органдын курамына жарандык коомдун өкүлдөрү жана адам укуктары жаатындагы эксперттер киришти.

Коомдук кеңештин алгачкы жыйыны Акыйкатчы институтунда өттү. СТАны Кеңештин курамында уюмдун директору, Мыйзамдуулук демилгелеринин аялдар альянсынын тең координатору Зульфия Кочорбаева өкүлчүлүк кылат.
Коомдук кеңешти түзүүнүн максаты — Акыйкатчы институтунун жарандык коом, эксперттик жана укук коргоо коомчулугу менен өз ара кызматташуусун бекемдөө. Кеңеш көз карандысыз консультативдик-кеңеш берүүчү жана эксперттик орган катары иш алып барат.
Биринчи жыйында Кеңештин мүчөлөрү мындан аркы ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын жана Кыргызстандагы адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Кеңеш мүчөлөрү биргелешкен мониторингдерди, анын ичинде аймактарда өткөрүүнү, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштамаларын ишке ашырууга көмөктөшүүнү, ошондой эле жарандардын жеке маалыматтарын жана экологиялык укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурууну сунушташты.

СТА үчүн Коомдук кеңештин ишине катышуу — уюмдун гендердик теңчилик, аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо, социалдык инклюзия жана басмырлоого жол бербөө жаатында топтогон тажрыйбасын жана экспертизасын адам укуктарын коргоодогу системалуу маселелерди талкуулоого жана мамлекеттик органдар үчүн сунуштамаларды иштеп чыгууга салым кошуу мүмкүнчүлүгү.Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Коомдук кеңештин сунуштары институт үчүн маанилүү экенин жана алар мамлекеттик органдарга сунуштамаларды даярдоодо, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүдө эске алынарын белгиледи.
Ошондой эле укук коргоо ишмердүүлүгүнө гендердик жана инклюзивдик мамилелерди ырааттуу интеграциялоого көмөктөшүү, басмырлоонун бир нече түрүнө жана өз укуктарын ишке ашырууда кошумча тоскоолдуктарга кабылышы мүмкүн болгон топтордун абалына көңүл буруу өзгөчө мааниге ээ.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Коомдук кеңештин сунуштары институт үчүн маанилүү экенин жана алар мамлекеттик органдарга сунуштамаларды даярдоодо, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүдө эске алынарын белгиледи.
Коомдук кеңештин курамына ошондой эле балдардын укуктарын, майыптыгы бар адамдардын укуктарын, эмгек укуктарын жана адам укуктарынын башка багыттарын коргоо жаатында иш алып барган укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү жана эксперттер киришти.
СТАнын Коомдук кеңешке катышуусу уюмдун гендердик теңчиликти, адам укуктарын жана социалдык инклюзия принциптерин илгерилетүү боюнча көп жылдык ишмердүүлүгүнүн уландысы болуп, жарандык коом менен улуттук укук коргоо институтунун ортосундагы диалогду бекемдөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.
СТАнын Коомдук кеңешке катышуусу уюмдун гендердик теңчиликти, адам укуктарын жана социалдык инклюзия принциптерин илгерилетүү боюнча көп жылдык ишмердүүлүгүнүн уландысы болуп, жарандык коом менен улуттук укук коргоо институтунун ортосундагы диалогду бекемдөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.