«Тынчтык булагы» тармагынын катышуучулары Коомдук-консультативдик кеңештердин (ККК) ролун кеңейтип, алар этностор аралык чыр-чатактардын гана эмес, суу тартыштыгы, климаттын өзгөрүшү, жер жана башка жаратылыш ресурстарына байланыштуу чыңалуунун да алдын алууга көмөктөшүүсүн сунушташты.

Мындай демилгени элеттик аялдардын Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуусунда Ош облусунун Маданият айылынын тургуну Дилбар Ысакова көтөрдү.
Анын айтымында, бир катар чыр-чатактарды башынан өткөргөн Кыргызстандын түштүгү үчүн чыңалуунун себептерин кырдаал курчуп кете электе аныктоо өзгөчө маанилүү. Ошол эле учурда жаңы тобокелдиктер дайыма эле этностор аралык мамилелерге гана байланыштуу боло бербейт.
«Суу талаш да олуттуу чыр-чатакка айланып кетиши мүмкүн, айрыкча адамдардын ортосундагы мамиле ансыз деле татаал болгон жерлерде», — деп белгиледи Дилбар Ысакова.
«Тынчтык булагы» тармагынын катышуучулары жаңы түзүм түзүүнү эмес, буга чейин иштеп жаткан КККлар менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү сунушташууда.
Тармактын жаңы демилгесинин алкагында Ош жана Баткен облустарындагы үч жергиликтүү түйүн КККлар жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте суу, климат жана чыр-чатактарга байланыштуу тобокелдиктерди аныктоону пландаштырууда. Райондук деңгээлде аялдар маалымат алмашуунун жана көйгөйлөр курчуп кете электе аларга биргелешип чара көрүүнүн механизмин иштеп чыгууну көздөшүүдө.
Дилбар Ысакова КККлардын милдеттерин мамлекеттик деңгээлде кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Атап айтканда, суу, климат жана жаратылыш ресурстарына байланыштуу чыр-чатактарды эрте алдын алуу, ошондой эле кеңештердин жер-жерлердеги аялдар топтору менен туруктуу кызматташуусун караштыруу сунушталды.
Сунушталып жаткан ыкма иштеп жаткан КККлардын тажрыйбасын чыңалуунун жаңы факторлорун эрте аныктоо үчүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Аялдар топтору айылдардагы көйгөйлөр тууралуу түздөн-түз маалымат берип, кырдаал курчуганга чейин тиешелүү чараларды талкуулоого катыша алышат.
Эгер пилоттук тажрыйба натыйжалуу болсо, тармактын катышуучулары аны башка райондорго да жайылтууну сунушташууда.
Демилгени кароо үчүн профилдик мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик сунушталууда.
«Бул толук ишке ашырууга боло турган сунуштар»

Жооп катары депутаттык корпустун өкүлү айылдык аялдардын сунуштары практикалык мүнөзгө ээ экенин белгилеп, аялдар топтору менен КККлардын кызматташуусун пилоттук форматта көрүүгө болорун айтты.
«Сиздер ишке ашырууга боло турган сунуштарды айтып жатасыздар, башка жактан чыгарып, фантастикалык нерселерди сунуштаган жоксуздар. Жаратылыш ресурстары жана консультативдик кеңештер боюнча сунушуңуздарга келсек, уюмуңуздар менен пилоттук форматта иштеп көрсөк болот. Мамлекеттик органдар каршы болбойт деп ойлойм, анткени бул кошумча жардам. Элдин арасында жүргөн адамдардын кеңешин угуу да жакшы», — деди депутат.
Айрыкча маанилүү болгон кийинки кадам — аялдардын демилгелерин жазуу жүзүндө даярдоо сунушу болду.
«Эгер сунуштарыңыздар жазуу жүзүндө болсо, алып келиңиздер. Биз аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтөбүз. Маселе жок», — деп белгиледи депутат.
Кийинки кадам — демилгени жазуу жүзүндө даярдап, компетенттүү мамлекеттик органдардын кароосуна жөнөтүү үчүн депутаттарга берүү.