Көрүүсү начарлар үчүн версия

Гендердик изилдөө

“Инклюзивдүү гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары”

“Инклюзивдүү гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары” окуу куралы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерине арналат жана алар тарабынан “Журналистика” адистиги боюнча өзүнчө курстун алкагында, ошондой эле “Социалдык жарнаманын тарыхы”, “Жарнаманы жана продуктту иштеп чыгуу”, “Массалык коммуникациянын психологиясы” курстарын окутууда өздөштүрүлүшү мүмкүн. Сунушталган материалдар студенттерге медиа сабаттуулук чөйрөсүндө гендер жана инклюзия маселелеринин актуалдуулугун түшүнүүгө жардам берет. Алар курстук жана бүтүрүүчү квалификациялык иштердижазууда эске алынышы керек

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЗОМБУЛУККА КАБЫЛГАН МАЙЫПТЫГЫ БАР АЯЛДАРДЫН УКУКТАРЫН КОРГОО”

Соттор, прокурорлор, адвокаттар, милиция кызматкерлери, социалдык жана башка кызматтар үчүн окуу-практикалык колдонмо

“Технологияларды колдонуу менен гендердик зомбулук: ГЛОССАРИЙ”

Басылма эӊ биринчи кезекте аялдарга жана кыздарга карата санариптик зомбулук жаатындагы маалыматтуулукту жогорулатууга, коомдук талкууга түрткү берүүгө, алдын алуу жана жооп кайтаруу чараларын жогорулатууга багытталган. «Санариптик зомбулук» термини Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында азырынча бекитиле элек болсо да, анын айрым көрүнүштөрү учурдагы ченемдер менен жөнгө салынууда. Бул документ мындан аркы адвокацияга, окутууга жана гендердик зомбулуктун бул түрүнө каршы аракеттерди көрүүнү жакшыртууга негиз катары кызмат кыла алат.

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЗОМБУЛУККА КАБЫЛГАН МАЙЫПТЫГЫ БАР АЯЛДАРДЫН УКУКТАРЫН КОРГОО (Соттор, прокурорлор, адвокаттар, социалдык жана башка кызматтар үчүн окуу-практикалык колдонмо)”

Бул практикалык колдонмо зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдарды укуктарын коргоодо соттор, прокурорлор, адвокаттар, социалдык жана башка кызматкерлер үчүн иштелип чыкан

“Аналитикалык отчет «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын гендердик өлчөмү»”

Аналитикалык отчет
«Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын гендердик өлчөмү»

“Интегралдык гендердик мамиле уюмдун ишмердигинде”

Интегралдык гендердик мамиле уюмдун ишмердигинде

““Майыптык медиада” брошюрасы”

"Майыптык медиада" брошюрасы Кыргыз Республикасында БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлиги, майыптыгы бар адамдардын коомчулугу, журналисттер жана БУУ агенттиктеринин өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу майыптардын иштери боюнча Кеңеш тарабынан бекитилди.

Бул басылманын негизги максаты – ЖМК кызматкерлеринин (журналисттер, коммуникация адистери, блогерлер ж.б.) арасында майыптыгы бар адамдардын массалык маалымат каражаттарында көрсөтүлүшү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу. Бул брошюра майыптык түшүнүгүн, аны кабыл алууга ар кандай мамилени, майыптыгы бар адам укуктарынын мамилесин жана ар кандай медиа ресурстарда майыптуулукту чагылдыруунун негизги принциптерин ачып берет.

Басылма кеңири аудиторияга арналган; ал коомдун майыптыгы бар адамдарга карата мамилесин өзгөртүүгө жана чыныгы инклюзивдик коомду түзүүгө багытталган.

“Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына Факультативдик протокол”

Факультативдик протокол Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына (МАУК) кошумча макулдашуу болуп саналат жана жекече доо-арыздарды кароо механизмин белгилейт.

https://www.un.org/ru/documents/decl_conv/conventions/disability.shtml

Факультативдик протоколду ратификациялоо, өлкөнүн жарандарына Конвенцияда бекитилген укуктарынын бузулушу жөнүндө арыз менен Майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча БУУнун комитетине кайрылууга укук берет.

“Гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары методикалык колдонмосу”

"Гендердик сезимтал журналистиканын
стандарттары"
методикалык колдонмосу

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ММКнын ИШМЕРДИГИНИН ГЕНДЕРДИК АСПЕКТИЛЕРИ:ЧАКЫРЫКТАР ЖАНА СУНУШТАР”