Көрүүсү начарлар үчүн версия

Гендердик изилдөө

“Майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын гендердик басмырлоодон жана зомбулуктан коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы жөнүндө аналитикалык жазма”

Зомбулуктун алдында өзгөчө аялуу болуп, ар түрдүү басмырлоо формаларынан жабыркаган айрым топтогу аялдар, анын ичинде майыптыгы бар аялдар дагы бар. Аялдарга карата зомбулук эркектер менен аялдардын ортосундагы теңсиздик түшүнүгүнө таянып, укук коргоо изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, зомбулуктун өзгөчө себептери аялдарды басмырлоонун жана баш ийдирүү формаларынын жалпы көйгөйүнө кирет. Зомбулукка дуушар болуу укуктардын жоктугу менен шартталат. Үй-бүлөдө аялдарга карата зомбулук үй-бүлөлүк зомбулуктун басмырлоочу жана/же анын баш ийдирүүсү түрүндө болушу мүмкүн

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЗОМБУЛУККА КАБЫЛГАН МАЙЫПТЫГЫ БАР АЯЛДАРДЫН УКУКТАРЫН КОРГОО (Соттор, прокурорлор, адвокаттар, социалдык жана башка кызматтар үчүн окуу-практикалык колдонмо)”

Бул практикалык колдонмо зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдарды укуктарын коргоодо соттор, прокурорлор, адвокаттар, социалдык жана башка кызматкерлер үчүн иштелип чыкан

““Майыптык медиада” брошюрасы”

"Майыптык медиада" брошюрасы Кыргыз Республикасында БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлиги, майыптыгы бар адамдардын коомчулугу, журналисттер жана БУУ агенттиктеринин өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу майыптардын иштери боюнча Кеңеш тарабынан бекитилди.

Бул басылманын негизги максаты – ЖМК кызматкерлеринин (журналисттер, коммуникация адистери, блогерлер ж.б.) арасында майыптыгы бар адамдардын массалык маалымат каражаттарында көрсөтүлүшү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу. Бул брошюра майыптык түшүнүгүн, аны кабыл алууга ар кандай мамилени, майыптыгы бар адам укуктарынын мамилесин жана ар кандай медиа ресурстарда майыптуулукту чагылдыруунун негизги принциптерин ачып берет.

Басылма кеңири аудиторияга арналган; ал коомдун майыптыгы бар адамдарга карата мамилесин өзгөртүүгө жана чыныгы инклюзивдик коомду түзүүгө багытталган.

“Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына Факультативдик протокол”

Факультативдик протокол Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына (МАУК) кошумча макулдашуу болуп саналат жана жекече доо-арыздарды кароо механизмин белгилейт.

https://www.un.org/ru/documents/decl_conv/conventions/disability.shtml

Факультативдик протоколду ратификациялоо, өлкөнүн жарандарына Конвенцияда бекитилген укуктарынын бузулушу жөнүндө арыз менен Майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча БУУнун комитетине кайрылууга укук берет.