Зомбулуктун алдында өзгөчө аялуу болуп, ар түрдүү басмырлоо формаларынан жабыркаган айрым топтогу аялдар, анын ичинде майыптыгы бар аялдар дагы бар. Аялдарга карата зомбулук эркектер менен аялдардын ортосундагы теңсиздик түшүнүгүнө таянып, укук коргоо изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, зомбулуктун өзгөчө себептери аялдарды басмырлоонун жана баш ийдирүү формаларынын жалпы көйгөйүнө кирет. Зомбулукка дуушар болуу укуктардын жоктугу менен шартталат. Үй-бүлөдө аялдарга карата зомбулук үй-бүлөлүк зомбулуктун басмырлоочу жана/же анын баш ийдирүүсү түрүндө болушу мүмкүн
2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аялдардын лидерлиги жана анын заманбап коомго тийгизген таасири боюнча маанилүү диалог болуп өттү. Депутаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ар кайсы тармактагы лидер аялдар кирген катышуучулар аялдардын лидерлигин илгерилетүү, зомбулукка жана басмырлоого каршы күрөшүү, ошондой эле коомдук жана саясий турмушта аялдардын ролун күчөтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.