Көрүүсү начарлар үчүн версия
Аялдардын лидерлиги, климат жана суу: Жайкы онлайн-мектептин катышуучулары билимди, тажрыйбаны жана чечимдерди кантип бириктиришти

2026-жылдын июль айынан август айына чейин «Фергана өрөөнүндөгү аялдар климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту орнотууда, ага ыңгайлашууда жана тынчтыкты курууда алдыңкы катарда» долбоорунун алкагында «Тынчтык булагы – климаттык жана суу коопсуздугу үчүн аялдар» тармагынын катышуучулары үчүн Жайкы онлайн-мектеп өттү. Сегиз жуманын ичинде Кыргызстандын аймактарынан келген катышуучулар эксперттер, активисттер, мамлекеттик органдардын жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуп, климаттык жана суу коопсуздугу, аялдардын лидерлиги, тынчтыкты куруу жана чечим кабыл алуу процесстерине аялдардын катышуусу тууралуу талкуу жүргүзүштү.

 

Мектептин маанилүү темаларынын бири жергиликтүү жана улуттук деңгээлде адвокация жүргүзүү жана чечимдерди илгерилетүү болду. Катышуучулар аялдар жана жамааттар туш болгон көйгөйлөрдү конкреттүү демилгелерге кантип айландыруу жана мамлекеттик органдар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү аркылуу аларды чечүүгө кантип жетишүү керектигин талкуулашты.

Өзүнчө жолугушуу аял-фермерлердин тажрыйбасына арналды. Катышуучулар 700дөн ашуун фермерди бириктирген «Дыйкан Мурас» үрөнчүлөр фермерлер тармагынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Алардын 98 пайызын аялдар түзөт. Бул тажрыйба айыл чарбасына аялдардын катышуусу экономикалык өз алдынчалуулук маселеси гана эмес, ошондой эле айылдык жамааттардын туруктуулугун камсыз кылган маанилүү ресурс экенин көрсөттү.

 

Мектепте климаттын өзгөрүшү жана айыл чарбасын адаптациялоо маселелерине да чоң көңүл бурулду. Эксперттер климаттын өзгөрүшүнүн топуракка, айыл чарбасына жана суу ресурстарына тийгизген таасирин, ошондой эле адаптациялоонун заманбап ыкмаларын талкуулашты. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан келген катышуучулар үчүн бул тема өзгөчө актуалдуу, анткени климаттын өзгөрүшү суу ресурстарына жеткиликтүүлүк, айыл чарба өндүрүшү жана жергиликтүү жамааттардын туруктуулугу менен түздөн-түз байланыштуу.

Дагы бир маанилүү багыт — сууну тынчтыкка жана кызматташтыкка өбөлгө түзгөн ресурс катары түшүнүү болду. Катышуучулар «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук» күн тартибин жана аны суу ресурстары жаатындагы кызматташтык аркылуу илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аял депутаттары — Эркеайым Сеитказиева, Махабат Мавлянова жана Гүлнара Баатырова менен жолугушуу өзгөчө орунду ээледи. Катышуучулар парламент депутаттары менен түздөн-түз баарлашып, айылдык аялдардын көйгөйлөрүн, алардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун, суу, экология, социалдык коргоо жана мыйзам чыгаруу демилгелери боюнча маселелерди талкуулашты. Мындай формат аймактардагы аял-лидерлер менен улуттук деңгээлдеги чечим кабыл алуучулардын ортосунда түз диалог түзүү үчүн маанилүү аянтча болду.

 

Мектептин алкагында «БИОМ» экологиялык кыймылынын климаттын өзгөрүшү боюнча багытынын координатору Анна Кириленко менен да жолугушуу өттү. Катышуучулар климаттын өзгөрүшү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына азыр кандай таасир тийгизип жатканын жана келечекте кандай таасир этиши мүмкүн экенин карап чыгышты. Ошондой эле сууну натыйжалуу пайдалануу, заманбап сугат технологиялары, жаан суусун чогултуу жана топурактагы нымды сактоо сыяктуу практикалык адаптация чаралары талкууланды.

 

Кыргызстан менен Тажикстандын аял-лидерлеринин регионалдык жолугушуусу өзгөчө маанилүү болду. Бассейндик аялдар форумдарынын катчылыгынын мүчөсү, Тажикстандын интеграцияланган суу ресурстарын башкаруу, климаттын өзгөрүшү, мониторинг жана баалоо маселелери боюнча улуттук гендердик эксперти Хайринисо Расулова Аялдар бассейндик форумдарын түзүү жана өнүктүрүү тажрыйбасы менен бөлүштү. Катышуучулар аялдардын суу ресурстарын башкарууга катышуусун, бассейндик кеңештердин ишин, трансчек аралык кызматташтыкты жана Тажикстандын тажрыйбасын Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мындай тажрыйба алмашуу чек арага жакын аймактар үчүн өзгөчө маанилүү, анткени суу маселелерин бир гана өлкөнүн алкагында чечүү мүмкүн эмес.

 

Программаны Кыргыз Республикасынын экс-президенти, БУУнун Афганистандагы жардам миссиясынын мурдагы башчысы Роза Отунбаева менен жолугушуу жыйынтыктады. Аялдардын лидерлиги, тынчтыкты куруу жана Борбордук Азиядагы заманбап чакырыктар тууралуу талкуу катышуучуларга жергиликтүү көйгөйлөргө кеңири регионалдык контексттен көз чаптырууга мүмкүнчүлүк берди. Өзгөчө көңүл Афганистандагы аялдардын абалына, билим берүүнүн, аялдардын коомдук турмушка катышуусунун маанисине жана кризистик шарттарда да аялдардын лидерлиги үчүн мейкиндикти сактоонун зарылдыгына бурулду.

Жайкы онлайн-мектептин катышуучулары эмне дешет?

Жайкы онлайн-мектептин маанилүү жыйынтыктарынын бири — алынган билимдер гана эмес, катышуучулардын талкууланган темаларды өздөрүнүн күнүмдүк жашоосу, кесиптик ишмердүүлүгү жана жергиликтүү коомчулуктардын көйгөйлөрү менен байланыштыра баштаганы болду. Өз пикирлеринде аялдар сабактардын практикалык пайдалуулугун, тажрыйба алмашуу жана ар кайсы аймактар үчүн жалпы болгон маселелерди чогуу талкуулоо мүмкүнчүлүгүн белгилешти.

Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүндө социалдык маселелер боюнча башкы адис болуп иштеген катышуучулардын бири тармактагы аялдардын ар түрдүү кесиптердин жана чөйрөлөрдүн өкүлдөрү экенин белгиледи:

«Окууларга депутаттар, аялдар кеңешинин төрайымдары, медицина кызматкерлери, мугалимдер, китепкана кызматкерлери жана үй кожойкелери катышып жатышат. Ар түрдүү тармакта иштегенине карабастан, аялдардын көйгөйлөрү окшош. Бул маселелер боюнча тренерлерден жакшы сабактарды алып жатабыз».

Кызыл-Багыш айылынын катышуучулары мектеп климаттын өзгөрүшү, суу, аялдардын лидерлиги жана жергиликтүү коомчулуктардын өнүгүүсү ортосундагы байланышты жаңыча түшүнүүгө жардам бергенин белгилешти:

«Климаттын өзгөрүшү, сууну туура пайдалануу, аялдардын коомдогу орду жана тынчтыкты сактоо тууралуу көп жаңы маалыматтарды үйрөндүк. Өзгөчө аялдардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга катышуусу коомдун өнүгүшүнө чоң салым кошоруна дагы бир жолу ынандык. Алган билимибизди иш жүзүндө колдонуп, коомубуздун өнүгүшүнө өз салымыбызды кошууга аракет кылабыз».

Аял-лидерлер жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен онлайн-жолугушуулар да катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Пикирлеринде алар суроолорду түз берип, керектүү маалыматтарды алуу жана жер-жерлерде аялдар туш болгон маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүн белгилешти:

«Уюштуруучуларга чоң рахмат. Жогорку Кеңештин депутаттары менен онлайн-жолугушуу абдан жакшы өттү, керектүү маалыматтарды алдык».

Айрым сабактардан кийинки пикирлеринде катышуучулар аялдардын суу коопсуздугун камсыз кылуудагы жана чечим кабыл алуудагы ролун тереңирээк түшүнө баштаганын да белгилешти. Катышуучулардын бири муну мындайча билдирген:

«Ар бир сабактан кийин аял кишинин коомдогу орду, маселелерди жергиликтүү деңгээлде чечүүдөгү ролу канчалык маанилүү экенине дагы бир жолу ынандым».

Мындай пикирлер мектептин негизги жыйынтыктарынын бирин көрсөтөт: климат, суу, тынчтык жана аялдардын лидерлиги катышуучулар үчүн өз-өзүнчө турган темалар болбой, бири-бири менен тыгыз байланышкан маселелер катары кабыл алына баштады. Өз тажрыйбалары аркылуу аялдар сууну сарамжалдуу пайдалануудан жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуудан тартып, чечим кабыл алууга катышууга жана өз коомчулуктарынын кызыкчылыктарын илгерилетүүгө чейинки маселелердин өз ара байланышын көрө алышты.

Жайкы онлайн-мектеп жөн гана бир катар билим берүүчү жолугушуулардан турган программа болгон жок. Ал Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген аялдарга тажрыйба алмашууга, эксперттерге жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө суроо берүүгө, жаңы байланыштарды түзүүгө жана өз жамааттары үчүн практикалык чечимдерди издөөгө мүмкүнчүлүк берген аянтча болду.

Мектептин негизги жыйынтыгы — климаттык жана суу коопсуздугу гендердик теңчилик, тынчтык жана аялдардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу менен тыгыз байланышта экенин көрсөттү. Суунун тартыштыгына, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине жана социалдык-экономикалык көйгөйлөргө өз жамааттарында түздөн-түз туш болгон аялдар бул маселелер тууралуу айтып гана тим болбостон, аларды чечүүгө багытталган чечимдерди иштеп чыгууга да катышууга тийиш.

Ошондуктан бүгүн аялдардын лидерлигин өнүктүрүү — аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө гана эмес, жамааттардын туруктуулугуна, кызматташтыкка жана Фергана өрөөнүнүн тынч жана туруктуу келечегине салым кошуу болуп саналат.

Жайкы онлайн-мектептин программасы 6-июлдан 30-августка чейин өтүп, Кыргызстан жана Тажикстандан келген эксперттер жана лидерлер менен сегиз тематикалык жолугушууну камтыды.

Жолугушуу БУУнун Тынчтыкты куруу фондусунун колдоосу менен БУУӨП жана «БИОМ» Экологиялык Кыймылы» коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан «Фергана өрөөнүндөгү аялдар климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту орнотууда, ага ыңгайлашууда жана тынчтыкты курууда алдыңкы катарда» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.