“Майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо: учурдагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо”
2024-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Судьялардын Ассоциациясы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте "Зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укугун коргоодогу өзгөчөлүктөр" темасын талкуулоого арналган маанилүү иш-чара өткөрдү.
“2025-2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын долбоорун талкуулоо боюнча улуттук консультациялар”
2024-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында 2025-2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын (УИП) долбоорун талкуулоо боюнча улуттук консультациялар өткөрүлдү.
“Кыргызстандагы санариптештирүү: өлкөдө майыптыгы бар аялдардын ишке орношуусуна зор түрткү берилет”
22-октябрm “Технопарк” коворкинг-борборунда салтанаттуу азем өтүп, анда майыптыгы бар аялдарга заманбап компьютердик жабдуулар жана адистештирилген программалар берилди. Бул жабдуулар аялдарга санариптик кесиптерди өздөштүрүүгө жана эмгек рыногунда өз ордун табууга жардам бермекчи.
“Аялдардын лидерлигин өнүктүрүү: көндүмдөр, стратегиялар жана колдоо”
Бишкек шаарында Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрына чейин Аялдардын Лидерлигинин Онлайн Академиясынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 3 күндүк тренинг өткөрүлдү.
“Майыптыгы бар адамдарга инфраструктура объекттеринин, коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү боюнча жыйын өткөрүлдү”
2024-жылдын 4-июнунда InKoom долбоорунун командасы КР Министрлер Кабинетинин алдындагы майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин кезектеги отурумуна катышты.
“«Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу: кыйынчылыктар жана перспективалар» онлайн кеңешме Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары үчүн өткөрүлдү”
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын өкүлчүлүктөрү менен гендердик теңчиликти камсыз кылуу маселелерине байланышкан онлайн режиминде «Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу: кыйынчылыктар жана перспективалар» аймактык консультация өткөрүлдү.
“Талас облусунда Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча аймактык консультациялар өттү”
2024-жылдын 10-майында Талас облусунда “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери ж-ө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо үчүн Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча аймактык консультациялар өттү.
“Аялдар лидерлиги онлайн академиясына катышуучуларды кабыл алуу жарыяланат”
Кыргызстандын бардык аймактарынан лидерлик сапаттарын жогорулатууну каалаган лидер аялдар үчүн Аялдар лидерлиги онлайн академиясы ишке киргизилет.
“Тегерек стол: “Кыргызстандагы майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан сактоо жана коргоо: мыйзамдарды жана практикаларды анализдөө жана инклюзивдүү ыкмаларды ишке ашыруу боюнча сунуштар””
2024-жылдын 5-апрелинде майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө инклюзивдик ыкмалардын болушуна жана жетиштүүлүгүнө карата комплекстүү анализдөөнүн жыйынтыгы боюнча тегерек стол өткөрүлдү.
“КР Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлдү”
Бүгүн, 2024-ж. 19-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлдү. Отурумда мамлекеттик органдардын жана майыптыгы бар адамдардын укугун коргогон коомдук уюмдардын өкүлдөрү майыптыгы бар адамдардын азыркы учурдагы абалы туур