InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү
KG
RU
EN
Көрүүсү начарлар үчүн версия
Зордук-зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо: өзгөчөлүктөрү жана ыкмалары

2024-жылдын 19-декабрында Кыргыз Судьялардын Ассоциациясы менен биргеликте “Зордук-зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоонун өзгөчөлүктөрү” темасында онлайн маалымат-кеңешме жыйыны болуп өттү. Кеңешме Социалдык технологиялар агенттиги тарабынан Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдик коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Жолугушууда эксперттер тарабынан гендердик зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын  укуктарын сактоо жана коргоо боюнча маалымат берилди. Маалыматтык-консультациялык жолугушуу майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоого катышкан юристтердин, прокуратуранын, ички иштер органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык кызматкерлердин, социалдык кызматкерлердин жана укук коргоо уюмдарынын кесиптик коомчулугуна арналган.

Консультациялык жолугушууда катышуучулар зомбулуктан жабыркаган майыптыгы бар аялдарды жана  кыздарды идентификациялоо, ошондой эле аларды аныктоодо көрүлүүчү алгачкы чараларды көрүү маселелерин кеңири талкуулашты. Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча жооптуу субъекттердин иш-аракеттери жана мындай кырдаалда алардын милдеттери талкууланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик-укуктук документтеринин негизинде катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды сактоого жана коргоого катышкан мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартибине талдоо жүргүзүштү. Бул системанын бардык катышуучуларынын ишин координациялоочу ыйгарым укуктуу органдарга өзгөчө көңүл бурулду.

Жабырлануучулар майыптыгы бар аялдар жана кыздар болгон иштер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү темасы өзүнчө козголду. Мындай адамдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгына өзгөчө басым жасалды. Алгачкы жардам көрсөтүүдө жана идентификациялоодо да, өз ара аракеттенүүнүн кийинки этаптарында да, анын ичинде укук коргоо жана соттук териштирүүлөрдө да бул категориянын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу маанилүү экендиги жолугушуунун катышуучуларына эскертилди.

Акылга сыярлык шарттардын мисалдары сурдокотормочунун кызматтарын, мыйзам талап кылган квалификациялуу адвокатты камсыздоону жана колдоонун башка түрлөрүн камтыйт. Ошондой эле ар бир органдын жабырлануучулар менен өз ара аракеттенүү алгоритмдери берилип, бул катышуучулардын чоң кызыгуусун жана суроолорун жаратты.