InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү
KG
RU
EN
Көрүүсү начарлар үчүн версия
Жалал-Абадда майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоонун өзгөчөлүктөрүнө арналган маалыматтык-кеңешме жыйыны өттү.

2024-жылдын 29-октябрында Жалал-Абад шаарында Кыргыз аял судьялардын ассоциациясы Эмгек, социалдык социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдик коомду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында    “Зомбулуктан жабыр тарткан майыптыгы бар аялдар жана кыздардын укугун коргоодогу өзгөчөлүктөр” деген темада маалыматтык-консультациялык кеңешме өткөрдү.

Катышуучулар менен жолугушууда гендердик зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган майыптыгы бар аялдардын укуктарын сактоо жана коргоо боюнча маалымат берилди. Маалыматтык-консультациялык жолугушуу майыптыгы бар аялдардын укуктарын коргоого катышкан юристтердин, прокуратуранын, ички иштер органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык кызматкерлердин, социалдык кызматкерлердин жана укук коргоо уюмдарынын кесиптик коомчулугу үчүн уюштурулган.

Маалыматтык-консультативдик жолугушууда катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктар боюнча кылмыш жана жарандык сот өндүрүшүнүн маселелерин, ошондой эле майыптыгы аялдар жана кыздар менен өз ара аракеттенүүнүн этикалык аспектилерин козгогон бир катар маанилүү темаларды талкуулашты. Майыптыгы аялдар жана кыздар менен баарлашууда этика маселелери көп учурда тиешелүү көңүл бурулбай калып жатканы өзгөчө баса белгиленди.

Талкуунун соңунда катышуучулар майыптыгы бар кыздардын жана аялдардын укуктарын козгогон иштердин өзгөчө татаалдыгын жана кечиктирилишин белгилешти. Мындай иштерди таап, жоопкерчиликке тартуу кыйын экени, кошумча көңүл бурууну жана биргелешкен аракеттерди талап кылуу керек экени белгиленди.