InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү
KG
RU
EN
Көрүүсү начарлар үчүн версия
Майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо: учурдагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо

2024-жылдын 15-ноябрында Европа Биримдигин финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “InKoom-Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында   Кыргыз Судьялардын Ассоциациясы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте “Зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укугун коргоодогу өзгөчөлүктөр” темасын талкуулоого арналган маанилүү иш-чара өткөрдү.

Жыйында эксперттер гендердик зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган майыптыгы бар аялдардын укуктарын  коргоо боюнча маалымат беришти. Маалыматтык-консультациялык жолугушуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын укуктарын коргоого катышкан юристтердин, прокуратуранын, ички иштер органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, муниципалдык кызматкерлердин, социалдык кызматкерлердин жана укук коргоо уюмдарынын кесиптик коомчулугуна арналган.

Консультациялык жолугушууда катышуучулар зордук-зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды идентификациялоо менен байланышкан суроолорду, ошондой эле аларды аныктоодо көрүлүүчү алгачкы чараларга байланыштуу маселелерди кеңири талкуулашты. Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча жооптуу адамдардын иш-аракеттери жана мындай кырдаалда алардын милдеттери талкууланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик-укуктук документтеринин негизинде катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгындарды  коргоого катышкан мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартибине талдоо жүргүзүштү. Бул системанын бардык катышуучуларынын ишин координациялоочу ыйгарым укуктуу органдарга өзгөчө көңүл бурулду.
Эксперт Чынара Мусабекова майыптыгы бар аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн мыйзамдык негиздери боюнча сессия өткөрдү

Жолугушуунун катышуучулары жабырлануучуларды коргоо, анын ичинде убактылуу коргоо ордерлерин берүү, алардын колдонуу мөөнөттөрү, аларды алуу шарттары, ошондой эле алар бузулган учурда аракеттер боюнча өз тажрыйбалары менен активдүү бөлүшүштү. Мындан тышкары, зордук-зомбулукка каршы колдонулган корреляциялык чаралар жана бул чаралар зомбулуктан жабыр тарткандарды коргоого кандай салым кошоору талкууланды.

Зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдар жана  кыздардын майыптыгы бар болгон учурлар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү темасы өзүнчө козголду. Мындай адамдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгына өзгөчө басым жасалды. Жолугушуунун катышуучуларына алгачкы жардам көрсөтүүдө жана идентификациялоодо да, өз ара аракеттенүүнүн кийинки этаптарында да, анын ичинде укук коргоо жана соттук териштирүүлөрдө да бул категориянын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу маанилүү экендиги эскертилди.

Акылга сыярлык шарттардын мисалдары сурдокотормочунун кызматтарын, мыйзам талап кылган квалификациялуу адвокатты көрсөтүүнү жана колдоонун башка түрлөрүн камтыйт. Ошондой эле ар бир органдын жабырлануучулар менен өз ара аракеттенүү алгоритмдери берилип, бул катышуучулардын чоң кызыгуусун жана суроолорун жаратты.