2024-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында 2025-2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын (УИП) долбоорун талкуулоо боюнча улуттук консультациялар өткөрүлдү. Иш-чаранын демилгечиси гендердик саясат жаатындагы координациялоочу мамлекеттик орган болуп саналган Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги.
Консультацияларга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана гендердик саясат жаатындагы эксперттер катышты.
«Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жаңы Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу үчүн министрлик InKoom долбоорунун колдоосу менен ведомстволор аралык жумушчу топтун бир нече жыйындарын өткөрдү.Бул жолугушуулардын жыйынтыгында жаңы үч жылдык иш планын түзүү боюнча жол картасы түзүлдү. Ведомстволор аралык жумушчу топтун отурумдарынын негизги максаты – Улуттук иш-аракеттер планынын долбооруна милдеттерди жана иш-чараларды киргизүү боюнча сунуштарды чогултуу жана деталдаштыруу. Ошондой эле артыкчылыктуу багыттар боюнча семинарлар жана аймактык кеңешмелер уюштурулду. Жаңы Улуттук иш-аракеттер планы Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча чараларды ишке ашырууда мамлекеттик органдар, эл аралык өнөктөштөр жана жарандык коом үчүн стратегиялык колдонмо болуп калууга багытталган», – деди өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Чыңгыз Маматбек уулу.
«2025-2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча жаңы Улуттук иш-аракеттер планынын долбоору сиздердин сунуштарыңыздын негизинде иштелип чыккан жана мурунку УИП сыяктуу беш артыкчылыктуу багытты камтыйт:
- Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- Маданий саясат жана функционалдык билим берүү;
- Дискриминацияны жоюу жана сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү;
- Аялдардын саясий активдүүлүгүн жогорулатуу;
- Гендердик теңчиликти камсыз кылуу жаатындагы жөнгө салуу саясаты.
Бул приоритеттүү багыттар боюнча өзгөчө көңүл климаттын өзгөрүшүнүн гендердик аспектилерине, инклюзивдик өнүгүүгө жана санариптештирүүгө байланыштуу актуалдуу маселелерге бурулууда”, – деп белгиледи эксперттик топтун координатору Зульфия Көчөрбаева өз сөзүндө.
Жаңы Улуттук иш-аракеттер планы гендердик теңчиликке жетишүү боюнча чараларды ишке ашырууда мамлекеттик органдар, эл аралык өнөктөштөр жана жарандык коом үчүн стратегиялык колдонмо болуп калууга багытталган.
2025-2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер
планынын долбоорун иштеп чыгуу процесси. Евробиримдиктин “InKoom – Адилеттү
жанаинклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү” долбоору, SDC тарабынан
каржыланган “Өнүгүү үчүн жарандык катышуу” долбоорунун колдоосу менен ишке
ашырылууда.
Улуттук консультациялар SDC тарабынан каржыланган “Өнүгүү үчүн жарандык катышуу” долбоору тарабынан колдоого алынат.