InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү
KG
RU
EN
Көрүүсү начарлар үчүн версия
«Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу: кыйынчылыктар жана перспективалар» онлайн кеңешме Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары үчүн өткөрүлдү

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын өкүлчүлүктөрү менен гендердик теңчиликти камсыз кылуу маселелерине байланышкан онлайн режиминде «Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу: кыйынчылыктар жана перспективалар» аймактык консультация өткөрүлдү.

3 облус үчүн Регионалдык кеңешме онлайн форматта өткөрүлдү

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Эмгек министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек, КР-нын Президентинин Ош, Баткен, Жалал-Абад облусутарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү,мамлекеттик администрация жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

КР ЖК депутаты Камила Талиева

Аймактык консультацияда сөз сүйлөгөн Камила Талиева «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу кеңири маалымдап, долбоордун максаты жана мааниси жөнүндө айтып берди.

«Гендердик теңчиликтин негиздери баш мыйзамыбызда да анык көрсөтүлүп, 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында камтылган. Муну менен катар Президенттин Жарлыгы менен «2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа» бекитилген. Ага ылайык ,2040-жылга карата энелердин өлүмүн 25%га азайтуу максаты коюлган»,- деди Камила Талиева.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Гульмира Окоева КР-нын “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамын кароо: ишке ашыруу жана жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча айтып берди.

Эмгек министринин орун басары Мамат уулу Чынгызбек, Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Гульмира Окоева

Жыйында аймактагы жетекчилер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, лидер айымдар жана тургундар тарабынан бир катар сунуш-пикирлер айтылды.

Эскерте кетсек, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында Аймактык кеңешмелер өткөрүлүп, сунуш-пикирлер чогултулган. Алдыда улуттук деңгээлдеги кеңешме өткөрүлөт.