Айсалкын Качкынбекова Super.kg сайтынын башкы редактору. Айсалкын 2016-жылдан бери журналистика менен алектенет — узак убакыт бою криминалдык хрониканы, анын ичинде гендердик зомбулукту чагылдыруу менен алектенген.
Анын айтымында, ал көптөн бери чагылдырган криминалдык окуяларда көбүнчө агрессорлордун колунан жапа чеккендер аялдар болгон. “Биз аялдардын кантип өлтүрүлгөнүн, сабалганын изилдеп, жазганбыз. Айрым учурлар болгон, бирок жабыркагандардын көпчүлүгү аялдар болгон. Ал кезде да көптөгөн аялдар өлтүрүлгөн, бирок ал азыркыдай сенсацияга айланган эмес. 2016-жылы мындай реакция, азыркыдай бум болгон эмес.
Кылмыштарды негизинен эркектер жасаган: ажырашкан күйөөлөр, өч алган кошуналар, өгөй аталар [кыздарды] кантип зордуктаганын жазышчу” — деп айтып берди Айсалкын.
Башкы редактор буга чейин мындай темаларды чагылдырууда эки тарапты тең эч кандай стандарттар жөнүндө ойлонбостон чагылдырып турушканын баса белгиледи. Азыр ал гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары тууралуу маалыматты тренингдерден алат. Тренингдерден өткөндөн кийин ал кээде журналисттер мындай сезимтал темаларды чагылдырууда ката кетиришкенин түшүнө баштады, алар азыр жол бербөөгө аракет кылышат.
“Мен көп ката кетирдим. Редакторлор оңдошчу, бирок мен туура эмес жазган нерселер көп. Көрсө, мен адамдын жынысын, жашын баса белгилеп жазчу экенмин. Окуу учурунда мен мындай кылуу туура эмес экенин түшүндүм.
Казакстандык ырчы айым турмушка чыкканы тууралуу жазганыбыз эсимде, ал күйөөсүнөн бир канча жаш улуу экенин белгилегенбиз. Гендердик сезимталдык боюнча тренингде мен муну өткөрүп жибергенимди, анын жашын белгилөөнүн кереги жок экенин түшүндүм.
Азыр мен жеке баалуулукка, ар бир адамдын укуктарына көңүл буруп жатам. Мен окудум, мындай ката кетирбөөгө аракет кылып жатам. Мен материалдарды оңдогондо мындай жерлерди дароо оңдоп, кандайдыр бир нерсеге басым жасоого болбойт деп түшүндүрөм. Кээде журналисттер гендердик теңчиликти начар түшүнүп, бул тууралуу материалдарды жазып, баарын бурмалап коюшат” — деди Качкынбекова.
Айсалкын азыр анын редакциясында гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарын колдонуу боюнча абал кыйла жакшырды деп эсептейт.
“Биз стандарттарды билебиз, аларды кармана баштадык, качан сезимтал болушубуз керектигин билебиз. Толугу менен эмес, бирок айрым нерселерди билебиз.
Албетте, орус тилдүү ММК сыяктуу жакшы эмес. Алар атайын материалдарды жазып, жумасына бир жолу мындай темаларды көтөрүшөт. Биз күнүмдүк жаңылыктарыбызда биз билген гендердик сезимтал журналистиканын принциптерин карманууга аракет кылабыз” — деп түшүндүрдү Super.kgнин башкы редактору.
Качкынбекованын айтымында, редакцияда журналисттер чагылдырбоого аракет кылган темалар бар, мисалы, дин.
“Мен дайымы диний темаларды көтөрбөгүлө деп айтам, бул абдан татаал тема. Дин темасы коркунучтуу эмес, ал абдан талаштуу. Эгер бул теманы бир аз тийип өтсөң, комментарийлерде дароо журналисттерди уруша башташат. Ошондуктан мен дин ар бир адамдын иши деп айтам, буга кийлигишпегенибиз оң. Биз дин боюнча адис эмеспиз, билим алган эмеспиз”, — дейт Качкынбекова.
Ал ошондой эле анын редакциясынын журналисттери окурмандардын реакциясынан улам ЛГБТК адамдар жөнүндө материалдарды түзбөй турганын баса белгиледи.
“Эгер биз бул жөнүндө жазсак, окурмандарыбыз аны абдан терс кабыл алышат. Себеби, биринчиден, биз буга чейин мындай темаларга анча-мынча тийген эмеспиз, аларды киргизген жокпуз, экинчиден, биздин сайттын көпчүлүк окурмандары аймактарда жашашат. Айылдардагы жана аймактардагы окурмандарыбыз: “Алар эмне жөнүндө жазып жатышат? Алар бул жерде болбогон нерсени айтып жатышат? Алар да батышчыл болуп, начарлап кетишти” деп ойлошот жана козголоң чыгарышат. Бул күтүлгөн нерсе.
Бизди шаарда да окушат, бирок бизде бардыгын туура түшүндүрүп бере турган журналист жок. Биз бул темаларга тийбейбиз. Мисалы, мен азыр бул жөнүндө жазуу жөнүндө бирөөгө тапшырма бере албайм. Эгер адам өзү түшүнбөсө, мен аны мажбурлай албайм. Жоопкерчилик жөнүндө ойлоном” — деди Айсалкын.
Гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарын түшүнүүнү жакшыртуу үчүн бул курсту университеттерге киргизүү керек. Айсалкын дал ушундай деп эсептейт.
“Ар кандай жана так эмес маалымат алганча, бир жерде толук маалымат алган жакшы. Ал жерден чыккан журналист түшүнүп, жаза алышы үчүн аны окутуу керек.
Гендердик сезимталдык боюнча тренингдердин санын көбөйтүү керек. Мисалы, мен редакциядан бир аз окуп чыктым, а канча журналисттер билбейт. Окууларды уюштуруп, журналисттерди кезеги менен жиберсе жакшы болмок” — деди Качкынбекова.
Айсалкын аймактарды кыдырып, кызыктуу, күчтүү адамдар, өзгөчө аялдар тууралуу документалдуу фильмдерди тартууну кыялданат.
“Менин айылымда стандарттуу эмес ой жүгүрткөн мугалим эжелер бар. Ушундай кичинекей нерседен, чыныгы нерседен, жасалмасыз нерседен бир нерсе жараткың келет” – деди ал.
История подготовлена в рамках исследования « Гендерные аспекты деятельности СМИ в Кыргызской Республике: вызовы и рекомендации» проекта «InKoom– Содействие развитию справедливого и инклюзивного общества в Кыргызстане». Проект реализуется ОО «Агентство социальных технологий» при финансовой поддержке Европейского Союза (https://sta.kg/incoom/).