Мага жогорку билим алуу үчүн күрөшүүгө туура келди
Майыптыгы бар активист айым Гүлзар Дүйшенова учурда 2021-жылы ачкан “Жарыктык” фондун жетектейт. Фонд майыптыгы бар адамдарга ар кандай жардам көрсөтөт.
Анын окуясы – укмуштуудай тырышчаактыктын жана Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдар үчүн мыкты шарттар үчүн күрөштүн мисалы.
Гүльзар 26 жашында майып болуп калган – мас айдоочунун айынан ал кырсыкка кабылган. Омуртканын сынганынан улам Гүлзар майыптар коляскасында отуруп калган. Башына келген окуяны Гүлзарга жеңүүгө күйөөсү жана туугандары жардам беришкен. Бирок бир жылдан кийин аялдын сүйүктүү күйөөсү каза болгон — ал эки баласы менен жалгыз калган. Гүлзар депрессияга кабылган – жаңы өзүн кабыл алууга беш жыл убакыт кеткен.
“Мен жашоону кантип улантууну билбедим. Мен дүйнөдө ушундай жалгызмын деп ойлогом”, — дейт Гүлзар.
2006-жылы Гүлзар тааныштарынын сунушу боюнча Бишкектеги реабилитациялык борборго барып, биринчи жолу майыптыгы бар көптөгөн адамдарды көргөн. Аял бул ага түрткү болгонун мойнуна алат — ал жашоосун өзгөртүүнү чечти. Мына ошондо ал майыптык өкүм эмес экенин түшүндү.
Гүлзар ар кандай фонддор менен активдүү кызматташып, параллелдүү түрдө акча таба баштады. Гүлзардын максаты ата-энесинен бөлүнүп, балдары менен жашоо болгон. Ата-энеси Гүлзарга үй куруп бүткөндөн кийин балдары менен өзүнчө жашоого макулдугун беришкен.
Бирок, көз карандысыз жашоо абдан кыйын болгон. Аялда белгилүү бир кесип жок эле – ал түнкүсүн заказ менен токуп, кийизден буюмдарды жасаган, журналист, SMM-адис, котормочу болуп иштеген.
Бир учурда Гүлзар жогорку билимге ээ болушу керектигин түшүндү — фонддун башчысы дипломго ээ болушу керек. Ошондой эле, ал эмгеги үчүн толук акы алгысы келген.
“Менде кагаз – диплом жок болгондуктан – мен туруктуу бир жерде иштей алган жокмун. Мен ушундан тажадым. Мен ар кандай тармактарда иштейм, бул абдан оор. Мен эмне үчүн минтип иштеп жатам? Анткени алар абдан аз төлөшөт. Үч эмгек акыны бириктирсең, бир адамдын эмгек акысы болот.
Мага котормо жумушум үчүн акы төлөнбөгөн учурлар болгон. Мен тилчи эмесмин, тиешелүү билимим жок. Мага штаттан тышкаркы котормочу болуп иштөөгө туура келди, анткени жогорку билимим жок штатка кире алган жокмун. Кардарлар лицензия талап кылган учурлар болот. Аны жогорку билимсиз алуу мүмкүн эмес. Ушундан улам бир баракты 200-300 сомго котором, ал эми лицензиям менен өз ишим үчүн 700 сом талап кыла алмакмын”, — дейт Гүлзар.
Бирок, жогорку окуу жайга тапшыруу оңой эмес экени аныкталды – тагыраак айтканда, бул мүмкүн эместей көрүндү.
Гүлзар аралыктан ЖРТны 103 баллга тапшырды, ал эми ЖОЖго өтүү үчүн босого балл 110 баллды түзөт.
“Мен БГУга бардым жана мага ал жактан баш тартышты. Мен отуруп ыйладым, майыптыгы бар балдар үчүн капа болдум, анткени алар үчүн имараттар ылайыкташтырылган эмес. Лекциялар төртүнчү кабатта өтөт, ал эми пандустар жок. Алар майыптыгы бар адамдарды кабыл алууга даяр эмес болчу. Мен бул үчүн күрөшүшүм керек болду”, — дейт Гүлзар.
Бирок активист айым колун түшүрбөөнү чечип, майыптыгы бар адамдардын жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн терең өздөштүрө баштады.
Ал ЖОЖдорго майыптыгы бар адамдар абдан аз тапшыргандыгын, негизинен ары-бери жүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдар экендигин аныктады.
“Анткени көптөгөн окуу жайлар майыптыгы бар адамдарга ылайыкташтырылган эмес. Бизде 60ка жакын университет бар, алардын жарымы жеке университеттер. БААУ сыяктуу эки-үч жеке менчик ЖОЖ майыптыгы бар адамдар үчүн ылайыкташтырылган, ал эми мамлекеттик ЖОЖдор такыр ыңгайлаштырылган эмес”, – деп түшүндүрдү Гүлзар.
Ал ошондой эле башка өлкөлөрдө майыптыгы бар адамдар үчүн окуу жайга кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн теңдөө үчүн босого баллдарын төмөндөтүү практикасы бар экенин билди.
“Мен укук коргоочу жана юрист, акыйкатчынын жардамчысы Эржан Кайыповдон Билим берүү министрлигине чогуу барышыбызды сурандым. Мен келерки жылы мынчалык көп балл топтой албасымды жана ошол 103 балл менен тапшырышым керек экенин анык билчүмүн. Билим берүү министринин орун басары Нурлан Омуров менен узак маектешүү болду. Биз бир саатка жакын талашып-тартыштык. Мен социалдык жактан, Эржан юридикалык жактан айтып жаттык. Үч күндөн кийин биринчи, экинчи жана үчүнчү категориядагы майыптыгы бар адамдар үчүн босого балл 100 баллга чейин төмөндөтүлдү деген буйрук чыгарылган. Ошондон улам мен КЭУга юриспруденцияга тапшырдым, экинчи курста окуп жатам”, – деп өзүнүн кубанычы менен бөлүштү Гүлзар.
Аял үч жерде иштегендиктен аралыктан окуйт. Мындан тышкары, ал Кара-Жыгач айылында жашайт — ал шаарга такси менен гана жете алат, а бул акчаны талап кылат.
“Биз өзүбүз болбосок, анда ким? Майыптыгы бар адамдардын баарына “Өз укугуңар үчүн күрөшкүлө” деп айтам. Мен активистмин, канча майыптыгы бар адамдар үйдө отурушат жана өз укуктарын билишпейт?”- деген суроону берет Гүлзар.
История подготовлена в рамках исследования «Женщины с инвалидностью в Кыргызстане: вызовы и рекомендации» проекта «InKoom– Содействие развитию справедливого и инклюзивного общества в Кыргызстане». Проект реализуется ОО «Агентство социальных технологий» при финансовой поддержке Европейского Союза (https://sta.kg/incoom/).