Көрүүсү начарлар үчүн версия
Зульфия Кочорбаева Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каты менен сыйланды

2024-жылдын 1-мартында Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Социалдык технологиялар агенттигинин директору Зульфия Кочорбаевага Ыраазычылык кат тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин демилгеси, Аялдардын, балдардын жана гендердик укуктар боюнча кеңештин колдоосу менен 8-март Эл аралык аялдар күнүнө карата уюштурулган: “Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги” аттуу диалогдун алкагында бир катар лидер аялдар Жогорку Кеңештин ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Диалогдун катышуучулары

Аялдардын, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын арасында гендердик теңчиликти жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ директору Зульфия Кочорбаева Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каты менен сыйланды.

Бул диалог жетишкендиктерди гана белгилөө үчүн эмес, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрү болгон лидер аялдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы кыйла туруктуу практикасын издөө багытында уюштурулган.

КР ЖК Төрагасынын орун басары Жамиля Исаева жана Социалдык технологиялар агенттигинин жетекчиси Зульфия Кочорбаева

Төраганын орун басары Жамиля Исаева сөзү боюнча, бул Диалог- гендердик теңчиликти өнүктүрүүгө, ошондой эле бардык аялдардын укуктарын кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн мындай диалогдорду үзгүлтүксүз өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул иш-чара ар бир аял өз өлкөсүндөгү өзгөрүүлөргө таасир этүүгө мүмкүнчүлүк алган адилеттүү жана инклюзивдүү коомду курууга карай маанилүү кадам болду.