Менталдык майыптыгы бар жашы жете элек кызга карата зомбулук көрсөткөн окуя (2015–2023-жж.) дээрлик он жылга созулуп, укук коргоо, сот жана социалдык коргоо тармактарындагы бир катар системалык көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Зордуктоо фактысы далилденгенине карабастан, иш сот өкүмүнө чейин жетиши ЖМКнын кийлигишүүсү жана укук коргоочу уюмдардын аракеттери менен гана мүмкүн болду. Бул окуя аялуу топтордун адилеттикке жетүү мүмкүнчүлүгү, учурдагы коргоо механизмдеринин натыйжалуулугу жана институционалдык тартиптерди реформалоо зарылдыгы боюнча маанилүү суроолорду көтөрөт.

Иштин фактылары
Жабырлануучу наристе кезинде багып алынган, ал эми өспүрүм курагында менталдык майыптыгы аныкталган. Биринчи зордуктоого ошол эле айылда жайгашкан кафеде иштеген 18 жаштагы жигит тарабынан 13 жашында кабылган. Кийинчерээк аны кошуна үйдүн 14 жаштагы баласы зордуктаган. Тергөөнүн жүрүшүндө эки айыпталуучу тарабынан жасалган 4 зордуктоо фактысы далилденген. Окуялар расмий түрдө 2015-жылы гана ачыкка чыгып, ошол маалда тууганы анын денесинде зомбулуктун издерин байкап, кыз болгон окуялар тууралуу айтып берген.
Ата-энеси укук коргоо органдарына кайрылган, бирок арызды дароо кабыл алышкан эмес. ЖМКнын жана коомчулуктун кийлигишүүсү гана РИИБди фактыны каттоого мажбур кылган. Ошого карабастан, сотко чейинки өндүрүш көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон, анын ичинде ишти козгоодон баш тартуу, акысыз юридикалык жардам көрсөтпөө, экспертизада жабырлануучу экинчи ирет травмага кабылгандыгы, процедуралар жана социалдык кызматтардын пассивдүүлүгү болгон.
Сотко чейинки этаптагы мыйзам бузуулар
Кылмыш ишин козгоодон баш тартуу
Кылмыштын айкын белгилерине карабастан, тергөө органдары шектүү себептерди көрсөтүп, иш козгоодон баш тарткан. Себеп катары айыпталуучулардын туугандарынын кысымы, мүмкүнчүлүгү чектелген кыздын көрсөтмөлөрүнө ишенбөө, зомбулукту «ички үй-бүлөлүк чатак» катары кабыл алуу жана жалпы кайдыгерлик көрсөтүлгөн.
Жабырлануучунун укуктарын бузуу
- Кызга мамлекет тарабынан дайындалган адвокат берилген эмес;
- Экспертиза мас абалында болгон эркек киши тарабынан жүргүзүлгөн;
- Айыпталуучулар жана алардын үй-бүлөлөрү тарабынан көрсөтүлгөн басымдан жана коркутуулардан коргоо камсыздалган эмес;
- Сурак маалында майыптыктын өзгөчөлүктөрүн эске алган сезимтал мамиле көрсөтүлгөн эмес;
- Техникалык жаздыруу каражаттарын (сурактын видеого тартылышын) колдонуу четке кагылган;
- Социалдык кызматтар толук кайдыгер мамиле кылышкан.

ЖКУнун (жарандык коом уюмдарынын) ролу
Жабырлануучуну коргоону «Адилет» укуктук клиникасы жана Балдарды коргоо борбору алган. Дал ушул уюмдар иштин козголушуна жетишип, кыздын кызыкчылыктарын сотто коргогон. Бирок мындай жардамга жетүү кокустан, расмий эмес тааныштардын сунуштары аркылуу гана мүмкүн болгон. Бул болсо коомчулуктун маалымдуулугунун төмөндүгүн жана системалуу колдоонун жоктугун айгинелейт.
Соттук териштирүү: 8 жылдык күрөш
Соттук процесс 2015-жылдан 2023-жылга чейин созулган. Негизги көйгөйлөр:
- Айыптоонун беренесин башында туура эмес квалификациялоо;
- Айыпталуучуларды жана күбөлөрдү чакыруудагы создуктуруулар;
- Аларга мажбурлап келтирүү боюнча өтүнүчтөрдү соттордун канааттандырбоосу;
- Иштин жүрүшү судьянын жеке позициясынан катуу көз каранды болушу: аял судьялар көбүрөөк катышуу жана көңүл буруу көрсөткөн, эркек судьялар болсо процессти создуктурган.
Апелляция стадиясында Чүй облустук соту беренени кайра квалификациялап, жаза чарасын шарттуу мөөнөткө алмаштырган. Коомдук резонанстан кийин гана Жогорку сот баштапкы квалификацияны калыбына келтирип, айыпталуучулардын бирин 1 жылга эркинен ажыратууга жана моралдык чыгым төлөөгө өкүм чыгарган. Бирок бул чаралар да олуттуу кечигүү менен ишке ашырылган.
Институционалдык тыянактар
Бул окуя төмөнкүлөрдү айкын көрсөттү:
- Сотко чейинки этапта жабырлануучуларды, айрыкча балдарды жана майыптыгы бар адамдарды коргоо механизмдеринин алсыздыгы;
- Милиция жана прокурорлор тарабынан мыйзамды четке каккан мамиле (укуктук нигилизм) жана бир тараптуулук;
- Майыптыгы бар кыздын кызыкчылыгын коргоого жөндөмсүз, компетенциясы төмөн жана пассивдүү социалдык коргоо органдары;
- Соттук жол-жоболордун формалдуулугу жана коомдук басым болмоюнча аялуу адамдарды активдүү коргоого соттордун даяр эместиги;
- Жабырлануучулардын укуктарын коргоодо жана иштин адилеттүү жыйынтыгын камсыз кылууда жарандык коомдун чечүүчү ролу.

Сунуштар
- Майыптыгы бар адамдарга арыз берүү учурунда жана кылмыш-процесстин бардык стадияларында милдеттүү түрдө мамлекеттик адвокат дайындоо;
- Кыздардын, айрыкча жашы жете элек майыптыгы бар кыздардын кароосуна жана экспертизасына эркектердин катышуусуна тыюу салуу;
- Аялуу топтор катышкан сурактарды жана башка тергөө аракеттерин милдеттүү түрдө видеого тартуу;
- Майыптыгы бар кыздар менен иштөөгө үйрөтүлгөн адистердин (психологдор, адвокаттар, социалдык кызматкерлер) катышуусундагы ведомстволор аралык топторду түзүү;
- Иш козгоодон баш тартуунун коррупциялык учурларын азайтуу максатында Кылмыш-процесстик кодекстин сотко чейинки стадиясын реформалоо;
- Укук коргоо кызматкерлеринин сезимтал жана гендердик багыттагы ыкмалар боюнча квалификациясын жогорулатуу;
- Жабырлануучуларды жана күбөлөрдү кылмыш-процесстин бардык этаптарында коргоону камсыз кылуу;
- Акысыз юридикалык жардам жана коргоо чаралары боюнча маалыматтык кампанияларды жүргүзүү;
- Балдарга жана майыптыгы бар адамдарга карата зомбулук фактылары боюнча социалдык кызматтардын ишин мониторинг кылуу жана көз карандысыз баалоо.
Жыйынтык
Менталдык майыптыгы бар кыздын окуясы — бул жөн гана өзүнчө учур эмес. Бул укук коргоо органдарына жана сот тутумуна болгон ишеним кризисинин, алардын сырткы басымсыз адилеттикти камсыздай албагандыгынын көрүнүктүү мисалы. Бул иш эң аялуу жарандарды коргоого жана адилеттик институтун чыңдоого багытталган шашылыш реформалар үчүн негиз болушу керек.
Толугураак маалыматты аналитикалык жазмада окуй аласыз:
https://jbm.boo.mybluehost.me/website_b75f81f3/info/majyptygy-bar-ayaldardyn/
Бул долбоор Канаданын Жергиликтүү демилгелер фондунун (CFLI) каржылоосу менен ишке ашууда.