Көрүүсү начарлар үчүн версия
Кайыргүл Рыскулова: “Журналисттер гендердик стереотиптерди күчөтүүнү жана виктимблеймингди жайылтууну улантууда”

Кайыргүл Рыскулова Тедиа регионалдык телеканалынын Бишкектеги бюросунун журналисти болуп иштейт жана аны менен катар университетте окуйт.

Кайрыгул журналистика менен салыштырмалуу жакында эле алектенип баштаган — ал бул кесипке депутат болуу үчүн келген. Бирок азыр ал репортерлук иш көбүрөөк жагарын түшүндү.

2022-жылы Кайыргүл тренингге катышып, журналистикада гендердик сезимтал мамиле тууралуу маалымат алган. Ошондон кийин ал зыяндуу гендердик стереотиптер бардык жерде адамдарды курчап турганын түшүндү.

“Биздин айылдарда жашоо жалаң гана стереотиптерге негизделген. Мектепте коомдук иштерди аткарып жүргөндө апаларыбыз: “Эмнеге жөн эле үйдө отурбайсың? деп урушчу. Ушундан башталат, кыздарга көбүрөөк чектөө коюлат, аларга көп нерсеге жол берилбейт” — деп түшүндүрөт журналист айым.

Ошол эле тренингде ал гендердик стереотиптерди Кыргызстандын журналисттери дайыма трансляциялап же бекемдеп жатканын белгиледи.

“Аял 60 жашында турмушка чыккан учур болгон. Ошол кезде бул окуяны чоң жаңылык кылышты: “Ал 60 жашында турмушка чыкты”. Журналисттер буга аял 60 жашында турмушка чыга албагандай көңүл бурушкан. Мындай нерселерге басым жасаганда, биз коомдогу стереотиптерди бекемдейбиз.

Стереотиптер теңсиздикке алып келет. Мисалы, аялдарга зордукзомбулук кылуу, адам деп эсептебөө. Бул стереотиптер аялдарда калыптанып, “Мен эмне кыла алам? Ал эркек да. Баары ал айткандай болот” деп ойлошкону жаман.

Стереотиптер эркектер жөнүндө трансляцияланат. Мисалы, биз стереотиптерди жоюп жатабыз деген ой менен “Эркек киши кээ бир аялдарга караганда төшөктөрдү жакшы тигет” деген аталыштагы текстти жарыялайбыз. Чындыгында, биз аларды бекемдеп жатабыз” — деп түшүндүрөт журналист айым.

Кайыргүлдүн айтымында, көбүнчө гендердик зомбулукка байланыштуу темаларда журналисттер жабырлануучуну айыптап көрсөтүшөт, ал бул зомбулукту нормалдаштырат.

“Кээде зордукталган кыздар башка кыздар жабыркабашы үчүн эл алдында окуяларды бөлүшүшөт. Ошондо суроолорду берген алып баруучу бул кызга адам эмес дегендей мамиле кылып, өйдөсүнөт.

Комментарийлерде сөзсүз түрдө кыздын өзүн күнөөлөй башташат. Алып баруучунун суроолору да жабырлануучуну айыптоого алып келиши мүмкүн. Журналисттин маалыматты берүүсүнөн коом жаңылыкты кандай кабыл алаары көз каранды”, дейт Кайыргүл.

Анын айтымында, журналисттерде айрым темаларга тыюу салуулар бар — алар сексизм жөнүндө аз жазышат, диний темаларды чагылдырууда өтө этият болушат.

“Мисалы, студент кыздар медреседе кандай кыйынчылыктарга туш болушат, аларга кандай мамиле жасалат. Анткени, [коомчулуктун] ичинде бул тууралуу маалымат бар. Бирок аны сыртка чыгаруудан, бул жөнүндө жазуудан коркушат. Эмнеге экенин билбейм. Кээде операторлор кандайдыр бир кадрларды тартуудан баш тартышат. Биз мындай нерсеге дуушар болдук” — деп түшүндүрдү Кайыргүл.

Дагы бир көйгөй — редакторлор менен журналисттердин ортосундагы муундагы ажырым. Журналист айымдын пикири боюнча, бул көйгөйдү чечүү үчүн гендердик сезимтал журналистиканы кабарчыларга гана эмес, редакторлорго жана басылмалардын жетекчилигине да үйрөтүү керек.

“Тренингден кийин кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болду. Анан биз ушундай курстарга барганыбызды жана башкача жазуу керектигин редакторлорго акырын түшүндүрдүк. […] Балким, биргелешкен тренингдерди өткөрүү керек. Бирок журналисттер башка журналисттердин мындай кеңештерин кандай кабыл аларын билбейм. Айрыкча улуу муун. Сен аларды оңдогонуң же каталарын көрсөткөнүң аларга жакпайт. Алар өздөрүнүкүн туура деп эсептешет, “Сен кимсиң?” — деп Кайыргүл өзүнүн ойлору менен бөлүштү.

Журналист айым гендердик сезимтал журналистика боюнча тренингден кийин редакциялар чыгарган контентке мониторинг жүргүзүү керек деп эсептейт.

“Окуу учурунда баары: “Ооба, ушундай кылыш керек” дешет, анан кайра редакцияга келип, баарын мурдагыдай жасай беришет. Балким, ушундай нерселерди көзөмөлдөсө, натыйжасы жакшы болмок. Мониторинг жүргүзүү, материалдардын жазылышын караган кадимки көрүнүш. Мисалы, окутуудан өткөрүү жана жарым жылдан кийин бул убакыттын ичинде жасалган материалдарга мониторинг жүргүзүү” деп түшүндүрдү журналист айым.

Ошондой эле, анын пикири боюнча мындай программаларды университеттердеги окутуу модулдарына киргизүү зарыл: “ЖОЖдорго келип, маалымат бериш керек, анткени университеттердеги окутуучулар стереотиптерге белчесинен баткан”.

История подготовлена в рамках исследования « Гендерные аспекты деятельности СМИ в Кыргызской Республике: вызовы и рекомендации» проекта «InKoom– Содействие развитию справедливого и инклюзивного общества в Кыргызстане». Проект реализуется ОО «Агентство социальных технологий» при финансовой поддержке Европейского Союза (https://sta.kg/incoom/).