Көрүүсү начарлар үчүн версия
Жогорку Кеңеште “Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги” аттуу диалог өттү

Жакында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин колдоосу менен Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленген “Аялдардын лидерлиги: жаңы доордун ачылышы” аттуу маанилүү диалог болуп өттү.

Жогорку Кеңеш (сүрөттөр ЖК сайтынан алынды)

Иш-чарага төраганын орун басары Жамийла Исаеванын жетекчилиги астында Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана ар кайсы тармактардагы лидер аялдар катышты.

Бактыгуль Исланбекова, “Социалдык технологиялар” КБ программалык координатору

Катышуучулар аялдардын лидерлигин илгерилетүү, аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукка жана дискриминацияга каршы күрөшүү, ошондой эле аялдардын коомдук жана саясий турмуштагы ролун күчөтүү боюнча маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Укей Мураталиева, Майытыгы бар кыздардын “Назик-кыз” КБ төрайымы

Талкууда депутат Миргүл Темирбаева Баткен облусунун аялдары туш болгон орчундуу көйгөйлөрдү, анын ичинде аялдардын миграциясынын көбөйүшүн жана алардын арасында өз жанын кыйгандардын санын көтөрдү. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн ар бир райондо кризистик жана реабилитациялык борборлорду түзүүнү сунуштады.

Антье Граве, Кыргызстандагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору

Кыргызстандагы БУУнун тутумунун Туруктуу координатору Антье Граве Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда аялдардын лидерлигин жана аялдардын катышуусун илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.

Зульфия Кочорбаева,”СТА” КБ жетекчиси, Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсынын координатору

Жогорку Кеңештеги иш-чаранын алкагында “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин жетекчиси, Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсынын координатору Зульфия Кочорбаевага башка лидер аялдар мене катар  Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Жамиля Исаева, Тораганын орун басары

Төраганын орун басары Жамила Исаева азыркы тапта лидер айымдардын ролу жогорулап, бардык тармактарда активдүү иш алып барып, мамлекеттин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип жатканын билдирди.

«Бирок биз мындан ары да гендердик теңчиликти камсыздоо жана мамлекеттин гүлдөп өсүшү үчүн аялдарды колдоону улантышыбыз керек. Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укугу жана гендердик теңчилик боюнча Кеңеш учурдун маанилүү маселелерин талкуулаган мындай диалогдорду жыл сайын өткөрүү демилгесин көтөрүп жатабыз», – деген Ж. Исаева бардык кызыкдар тараптарды кызматташууга чакырды.

Муну менен катар, төраганын орун басары бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешкен механизмдердин маанилүүлүгүнө көңүл бурду. «Дүйнөлүк экономикалык жана социалдык чакырыктардын шартында аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды, жалпы эле коомдун аялуу катмарын коргоону улантуу зарыл», – деди ал.