Көрүүсү начарлар үчүн версия
Жогорку Кеңеште аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, ошондой эле гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча талкуу болду.

2024-жылдын 16-февралында Социалдык технологиялар агенттигинин директору Зульфия Көчөрбаева Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйынына катышты.

Зульфия Кочорбаева

Жыйында «СТА» коомдук бирикмесинин директору жана Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелеринин альянсынын координатору Зульфия Кочорбаева гендердик теңчиликке жана аялдардын саясий катышуусуна жетишүү боюнча максаттарды ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды сунуштады.

Кеңеш Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы консультацивдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Кеңештин катышуучулары

Кыргыз Республикасынын Парламентинин Төрагасы Нурланбек Шакиев өз сөзүндө өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда аялдардын ролун жогорулатуу үчүн чаралар көрүлүп жатканын жана мыйзамда жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30% квота белгиленип, Жогорку Кеңешке аял депутаттардын шайланышын камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

КР ЖК спикери Нурланбек Шакиев (фото Akipress)

Спикер мигранттардын балдары туш болгон кыйынчылыктарга токтолду. «Көп учурда ички жана тышкы миграциянын кесепетинен ата-энесиз өсүп жаткан мигрант балдардын көйгөйлөрү кароосуз калууда. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Кыргызстанда миграциялык агымдын кесепетинен 88 миңден ашык бала жакындарынын колунда калган. Бул биз үчүн чоң трагедия. Анткени ата-энесин көпкө көрбөгөн балдарда психологиялык, социалдык жактан көйгөйлөр жаралып, өз жанын кыйгандар да бар. Андыктан бул багытта активдүү иш алып барышыбыз керек”, – деди спикер.
Толугураак: kg.akipress.org/news:2066494?f=cp