Көрүүсү начарлар үчүн версия
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖУРНАЛИСТТЕРИ, БЛОГЕРЛЕРИ ЖАНА ММК ӨКҮЛДӨРҮ ГЕНДЕРДИК СЕЗИМТАЛ ЖУРНАЛИСТИКАНЫН СТАНДАРТТАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУДАН ӨТҮШТҮ

24-майда Жалал-Абад облусунун 30га жакын журналист, блогер жана журналисттик ассоциациялардын  өкүлдөрү үчүн ” Гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары” боюнча окутуу өткөрүлдү.

журналисттер тестирлөө учурунда

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан 2018-2020-жылдарга Гендердик теңчилик боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын (31.3 чара) алкагында гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Азыркы учурда Министрлик тарабынан “InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоору менен биргеликте аны Кыргызстандын ЖМКларынын ишмердигине киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

практикалык көнүгүүлөр өткөрүлдү

Тренинг ЖМКнын материалдарында терс гендердик стереотиптердин жана бир жактуулуктун таралышына жол бербөө, ошондой эле гендердик маселелер боюнча материалдардын сапатын жогорулатуу жана тематикасын кеңейтүү максатында өткөрүлдү.

Тренинг Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ тарабынан ишке ашырылып жаткан “InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоору тарабынан уюштурулду.