Көрүүсү начарлар үчүн версия
Ысык-Көл облусунун журналисттери, блогерлери жана ЖМК өкүлдөрү гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарына окутулушту

2023 жылдын 28 июлда  (саат 09.00 – 17.30) ««Karagat»»  мейманканасынын конференц-залында (дареги – Абдрахманова 89 А, Каракол ш.)   Ысык-Көл обласунан  келген 30га жакын журналисттер, блогерлер, жана ЖМК өкүлдөрү «Гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары» тренингин өтүштү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан 2018-2020-жылдарга Гендердик теңчилик боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын (31.3 чара) алкагында гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Азыркы учурда Министрлик тарабынан “InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү”  долбоору менен биргеликте аны Кыргызстандын ЖМКларынын ишмердигине киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул маселени чечүү үчүн Ысык-Көл облусунун журналисттери үчүн гендердик теңчилик маселелери боюнча маалымдуулукту жана түшүнүктү жогорулатууга, гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары менен таанышууга багытталган жана гендердик сунуштарды маалыматтарды чагылдырууда колдонуу боюнча практикумдарды камтыган  тренинг уюштурулду.

Тренинг Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ тарабынан ишке ашырылып жаткан “InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоору тарабынан уюштурулат.