Көрүүсү начарлар үчүн версия
Тегерек стол: “Кыргызстандагы майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан сактоо жана коргоо: мыйзамдарды жана практикаларды анализдөө жана инклюзивдүү ыкмаларды ишке ашыруу боюнча сунуштар”

2024-жылдын 5-апрелинде майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө инклюзивдик ыкмалардын болушуна жана жетиштүүлүгүнө карата ченемдик-укуктук актыларды, ведомстволук актыларды, кейстерди жана учурдагы практиканы комплекстүү анализдөөнүн жыйынтыгы боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун катышуучулары

Комплекстүү анализ «Кыргыз аял-судьяларынын ассоциациясы» коомдук бирикмеси тарабынан «InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү» долбоорунун субгрантынын алкагында  жүргүзүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ЖК депутаттары, Кыргыз Республикасынын судьялары, мамлекеттик, укук коргоо органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, эксперттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова өз сөзүндө, ар бир адам жасаган кылмышы үчүн жооп бериши керек экендигин жана зордук-зомбулукту алдын алыш үчүн аялдар жана эркектерге психологиялык жактан, социалдык жактан жардам берүү максатында иш-чаралар жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. Ошондой эле, бүгүнкүдөй иш-чараларга алардын катышуусун камсыз кылуу менен бирге региондордо да өткөрүү зарыл экендигин айтты.

КР ЖК депутаттары Шарапаткан Мажитова и Гуля Кожокулова, КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова

КР ЖК депутаты  Шарапаткан Мажитова Парламентте өтүп жаткан талкууларда майыптыгы бар адамдарга өзгөчө көңүл буруларын  жана Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү конвенциянын Кыргызстан тарабынан ратификацияланганына карабастан, милдеттер керектүү деңгээлде аткарылбай жатканын айтты.Бул боюнча иш-аракеттерди жакшыртуу керектигин жана майыптыгы бар адамдардын абалын жакшыртуу зарыл,-деди.

КР ЖК депутаты Гуля Кожокулова -бул өтө оор көйгөй экенин жана майыптыгы бар адамдарды коргоо мамлекеттин түздөн-түз милдети экенин айтты. “Биз азыр болуп жаткан зомбулуктун агымын токтото албай жатабыз. Эгер биз биргеликте, мыйзам чегинде иш алып барсак, аялдарды, анын ичинде майыптыгы бар аялдарды коргоо үчүн багытталган сунуштарды киргизе алабыз”.

Европа Биримдигинин КР Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер

Европа Биримдигинин КР Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер, өз сөзүндө Европа Биримдигине мамлекетке көрсөтүлүп жаткан жардам туруктуу позитивдүү өзгөрүүлөргө алып келгени маанилүү экенин айтты. Жана бул жагынан алганда, InKoom долбоорунун дискриминациянын бардык түрүнө жана өзгөчө аялдарга, анын ичинде майыптыгы бар аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө жарандык коомдун, аялдар жана жаштар уюмдарынын потенциалын чыңдоого багытталганы толугу менен өзүн актаган жана келечектүү көрүнөт.

КР  Адвокатура кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова аялдардын, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын укугун коргоого өзгөчө көңүл буруу экендигин белгиледи. “Адвокатура кеңеши зомбулуктан жабыркаган аялдар менен иш алып баруу боюнча окутуудан өткөн адвокаттардын реестрин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Адвокаттарды, судьяларды, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн окутуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондой эле, зомбулукту алдын алуу максатында мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына укук таануу сабагын киргизүү керек”.

КР  Адвокатура кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова, “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ директору

Эксперттер-Чынара Мусабекова, Надежда Пригода, Чынара Биялиева майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө инклюзивдик ыкмалардын болушуна жана жетиштүүлүгүнө карата ченемдик-укуктук актыларды, ведомстволук актыларды, кейстерди жана учурдагы практиканы комплекстүү анализдөөнүн жыйынтыктары боюнча презентация жасашты.

Эксперттер- Надежда Пригода ,Чынара Мусабекова, Чынара Биялиева

Тегерек столдо ченемдик-укуктук актыларды комплекстүү талдоонун жыйынтыктары жана кейстер, ошондой эле майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын коопсуздугун жана зомбулуктан коргоо чөйрөсүндө оперативдүү стандарттарды киргизүү/жаңылоо мүмкүнчүлүгү талкууланат. Ошондой эле гендердик басмырлоону, анын ичинде майыптыгы бар аялдарга карата, алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү, жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу жана оперативдүү стандарттарды кабыл алуу жана/же жаңылоо, гендердик дискриминацияны алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык макулдашууну жакшыртуу боюнча сунуштар укук коргоо органдарынын өкүлчүлүк органдары жана майыптыгы бар аялдардын укуктарын сактоо жана коргоо боюнча реалдуу учурларды мисал катары келтирет.

Тегерек стол «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси жана «Кыргыз аял-судьяларынын ассоциациясы» коомдук бирикмеси тарабынан 2022-2025-жылдары Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында уюштурулат.

Иш-чаранын материалдары (пресс-релиз, презентациялар ж.б.) орус жана кыргыз тилдеринде бул жерде жеткиликтүү:

Иш-чара жөнүндө видео репортаж төмөнкү ссылка менен жеткиликтүү:

https://youtu.be/anKPvlA9L7A?si=2zH6gz7jvAh0HLSq