Көрүүсү начарлар үчүн версия
«Теңдик» чындыкка айланганда: Кыргызстанда майыптыгы бар аялдарды коргоо боюнча жаңы колдонмо

2024-жылы судьялар, прокурорлор, адвокаттар жана социалдык кызматтар үчүн окуу-тажрыйбалык колдонмо жарык көрдү. Анын максаты — майыптыгы бар аялдарга карата зомбулук иштерин иликтөө жана кароо практикасын гана эмес, адилет сот жүргүзүүнүн маданиятын да жалпы түрдө өзгөртүү.

 

Кыргызстанда, гендердик зомбулук маселеси алиге чейин стереотиптерге жана «үй-бүлөлүк баалуулуктарга» такалып келген шартта, бурулуш жасай ала турган жетекчилик иштелип чыкты. «Кыргыз Республикасында зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдардын укуктарын коргоо» аттуу бул китеп иш жүзүндө кыска жана так жооп берет: майыптыгы бар аялдардын укуктары ар бир адамдын укугу сыяктуу эле корголушу керек. Бул абстракттуу идея эмес, практиктер үчүн конкреттүү инструменттердин топтому.

Пособие юристтер жана адам укуктары жаатындагы эксперттер тарабынан даярдалган. Ал судьяларга, прокурорлорго, адвокаттарга, социалдык кызматкерлерге, ал тургай дарыгерлерге жана мугалимдерге арналган. Авторлордун ишениминде: зомбулукка кабылган адамдарга болгон алардын мамилеси өзгөрмөйүнчө, чыныгы коргоо кагаз бетинде гана калып кетет.

Ырайымдан укукка чейин
Китептин өзөгүндө жөнөкөй, бирок төңкөрүшкө тете ой жатат: майыптык — жеке трагедия эмес, социалдык жана укуктук маселе. Майыптыгы бар аял — боор оорунун же камкордуктун объекти эмес, укуктун субъекти. Ага карата зомбулук «жумшартылып» эмес, тескерисинче, кош уяздуулукту эске алуу менен кароого тийиш: бир жагынан аял катары, экинчи жагынан майыптыгы бар адам катары.

Конвенциядан сурак протоколуна чейин

Бул колдонмодо Кыргызстан эл аралык документтерди — Стамбул конвенциясын, Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенцияны, Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны кантип колдонушу керектиги кеңири талданат. Негизги көңүл механизмдерге бурулган: убактылуу коргоо ордерлери, зордук-зомбулукка кабылган майып аялдарды суракка алуу жол-жоболору, соттук териштирүү эрежелери, агрессор менен элдешүүгө тыюу салуу. Мунун баары «жогорку нормалар» катары эмес, тескерисинче, аны конкреттүү органдар ишке ашырышы керек болгон практикалык кадамдар катары жазылган.

Бардык катышуучулар үчүн алгоритмдер
Жетекчиликтин негизги жаңылыгы — анын колдонмо мүнөзү. Тиркемелерде кадам-кадам алгоритмдер берилген: зомбулук фактысы аныкталганда аймактык милиция кызматкери, адвокат, саламаттык сактоо системасынын кызматкери, мугалим же бейөкмөт уюм кандай аракеттениши керектиги көрсөтүлгөн. Бул колдонмону универсалдуу «адилеттүүлүк текшерме баракчасына» айлантат.

Көптөгөн басмырлоо: кош сокку

Майыптыгы бар аялдар үй-бүлөлүк же сексуалдык зомбулукка гана туш болбостон, алардын укуктары структуралык тоскоолдуктар менен да чектелүүдө: жеткиликсиз инфраструктурадан баштап, соттордо жана мектептерде басмырлоого чейин. Колдонмонун авторлору бул көйгөйдү ачык эле системалык басмырлоо деп аташат жана аны инклюзия, мыйзамдарды өзгөртүү жана процесстин бардык катышуучуларын окутуу аркылуу чечүүнү сунушташат.

Келечектин ачкычы – адилеттүүлүк маданияты

Бул колдонмо жөн гана юридикалык документ эмес. Ал жаңы маданият жөнүндө айтат: качан судья бюрократ эмес, өзгөрүүлөрдүн агенти болгондо, качан адвокат формалдуу коргоочу эмес, өнөктөш болгондо, качан коом майыптыгы бар аялдарды «көрүнбөгөн» деп эсептөөнү токтоткондо.

Кыргызстан 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарын, анын ичинде №5 максатты – гендердик теңчиликти аткарууга милдеттенме алган. Колдонмо эскертет: эң аялуу катмар четте калса, бул убаданы аткаруу мүмкүн эмес.

Жыйынтык:

Бул колдонмо – көз жумуп коюу адатына каршы чакырык. Ал жөнөкөй суроо берет: майыптыгы бар аялдар коргоосуз жана таанылбастан зомбулукка кабыла берсе, коомду адилеттүү деп атоого болобу? Жооп айкын. Чыныгы теңчилик «көрүнбөгөндөрдү» акыры көрө баштаган жерден башталат.

Колдонмо менен кененирээк бул жерден таанышсаңыз болот.

Ошондой эле майыптыгы бар аялдардын укуктарын коргоо боюнча билим берүүчү ролик менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Долбоор Канаданын Жергиликтүү Демилгелер Фонду (CFLI) тарабынан каржыланат.