Көрүүсү начарлар үчүн версия
Талас облусунда Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча аймактык консультациялар өттү

2024-жылдын 10-майында Талас облусунда “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо үчүн Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча аймактык консультациялар өттү. Бул консультациялар Кыргызстандын бардык облустарында өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасында аялдар менен эркектердин ортосундагы гендердик теңчиликке жетишүү өнүгүүнүн негизги максаттарынын бири катары таанылган.Гендердик теңдикти камсыз кылуу саясатын ишке ашыруунун мыйзамдык негизин 2008-жылдын 7-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамы түзөт. 2024-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2030-жылга чейинки Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа бекитилип, ал ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарында аялдардын жетекчи кызматтарында өкүлчүлүгүн камсыздоо үчүн атайын чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүүнү, анын ичинде мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү камтыйт.

КР ЖК депутаттары Талиева К.А., Мураталиев М.М., КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Баатырова Г.М.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Талиева Камила Абдыразаковна, Мураталиев Марат Молдонович, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Баатырова Гүлнара Маришовна жана Талас облустук, райондук мамлекеттик администрациясынын, аймактык мамлекеттик органдарынын, жарандык коом, кризистик борборлор өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

консультациялардын катышуучулары

Жыйында депутат Камила Талиева тарабынан демилгеленген “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор талкууланды. Депутат белгилегендей, Кыргызстанда аялдар менен эркектердин тең укуктуулугуна жетишүү өнүгүүнүн негизги максаттарынын бири.

Жыйында облус жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, эксперттер, аялдар комитетинин мүчөлөрү жана жергиликтүү тургундар бир катар сунуш-пикирлерин айтышты.

Жогорку Кенештин депутаты Камиля Талиеванын демилгеси менен 2024-жылдын январь айында «Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» долбоорду иштеп чыгуу үчүн ведомство аралык жумушчу топ түзүлгөн. Бул топтун алдына максат катары учурдагы кырдаалды жана мурунку мыйзам долбоорунун сунуштарына берилген пикирлерди эске алуу менен актуалдуу жана сапаттуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу милдети коюлган. Ал долбоор мурдагы жолугушууларда иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасындагы мыйзамдар менен нормативдик укуктук актылардын инвентаризациясы алкагында сунушталган жаңыланган варианттарды камтыйт.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында «Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктар жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо үчүн кеңири регионалдык жана улуттук консультациялар өткөрүлөт. Аталган өзгөртүүлөрдүн мыйзамга киргизилиши өлкөдөгү гендердик кырдаалга оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Талкууларда ар кандай кызыкдар тараптардын пикири эске алынып, мыйзамды өркүндөтүү жана гендердик теңдикти камсыз кылуу үчүн маанилүү кадамдар жасалат.