Көрүүсү начарлар үчүн версия
Түштүк региондордо гендердик теңдикти камсыз кылуу боюнча аймактык консультациялар өткөрүлдү

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында «Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу: кыйынчылыктар жана перспективалар» аттуу онлайн режиминде өткөн гендердик теңчиликти камсыз кылуу маселелерине байланышкан аймактык консультация болуп өттү.

КР ЖК депутаты Камила Талиева

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева демилгелеген “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоорун кароого байланышкан аймактык консультациялык иш чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Чынгызбек Мамат уулу, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар, жарандык коомчулуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Камила Талиева «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу кеңири маалымдап, долбоордун максаты жана мааниси жөнүндө айтып берди.
«Гендердик теңчиликтин негиздери баш мыйзамыбызда да анык көрсөтүлүп, 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында камтылган. Муну менен катар Президенттин Жарлыгы менен «2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа» бекитилген. Ага ылайык ,2040-жылга карата энелердин өлүмүн 25%га азайтуу максаты коюлган»,- деди Камила Талиева.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар талкууланды.