Көрүүсү начарлар үчүн версия

Жаңылыктар

“Сокулукта аялдардын лидерлигин күчөтүү максатында облустук тегерек стол болуп өттү”
2024-жылдын 13-августунда Чүй облусунун Сокулук айылында Кыргызстандагы аялдардын саясий активдүүлүгүн жана лидерлигин күчөтүү жолдорун талкуулаган тегерек стол болуп өттү.
“Бишкекте Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын кеңешинин жыйыны өттү”
Бишкекте Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.Кеңештин жыйынына БУУнун Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс да катышты.
“Бишкекте майыптыгы бар адамдардын укугун коргогон уюмдар үчүн гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча тренинг өткөрүлдү.”
Жакында Бишкек шаарында гендердик теңчиликти илгерилетүүгө арналган маанилүү тренинг болуп өттү. Тренингде өзгөчө көңүл майыптыгы бар адамдардын укуктарын активдүү коргогон уюмдарга бурулду.
“Бишкекте майыптыгы бар адамдардын социалдык-укуктук абалы боюнча жалпы республикалык викторина өткөрүлдү”
2024-жылдын 15-июнунда Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын социалдык-укуктук абалы боюнча жалпы республикалык викторина өттү.
“Кыргызстандагы майыптыгы бар жаштар үчүн адам укуктары жана адвокация боюнча мектеп”
2024-жылдын 9-июлунан 11-июлуна чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар үчүн адам укуктары жана адвокация боюнча мектеп өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандагы 7 облустан келген, ар кандай түрдөгү майыптуулугу бар 18ден 35 жашка чейинки жаштар катышты.
““Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо боюнча аймактык консультациялар”
2024-жылдын 18-июнунда “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо үчүн Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча аймактык кеңешмелер өткөрүлдү.
“Талас облусунда Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча аймактык консультациялар өттү”
2024-жылдын 10-майында Талас облусунда “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери ж-ө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулоо үчүн Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча аймактык консультациялар өттү.
“Аялдардын лидерлигин өнүктүрүү: көндүмдөр, стратегиялар жана колдоо”
Бишкек шаарында Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрына чейин Аялдардын Лидерлигинин Онлайн Академиясынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 3 күндүк тренинг өткөрүлдү.
“Кыргызстандагы санариптештирүү: өлкөдө майыптыгы бар аялдардын ишке орношуусуна зор түрткү берилет”
22-октябрm “Технопарк” коворкинг-борборунда салтанаттуу азем өтүп, анда майыптыгы бар аялдарга заманбап компьютердик жабдуулар жана адистештирилген программалар берилди. Бул жабдуулар аялдарга санариптик кесиптерди өздөштүрүүгө жана эмгек рыногунда өз ордун табууга жардам бермекчи.
“2025-2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын долбоорун талкуулоо боюнча улуттук консультациялар”
2024-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында 2025-2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын (УИП) долбоорун талкуулоо боюнча улуттук консультациялар өткөрүлдү.