Көрүүсү начарлар үчүн версия
ОШ ОБЛУСУНУН ЖУРНАЛИСТТЕРИ, БЛОГЕРЛЕРИ ЖАНА ММК ӨКҮЛДӨРҮ ГЕНДЕРДИК СЕЗИМТАЛ ЖУРНАЛИСТИКАНЫН СТАНДАРТТАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУДАН ӨТҮШТҮ

25-майда Ош облусунун 30га жакын журналист, блогер жана ЖМКнын башка өкүлдөрү үчүн ” Гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары” боюнча окутуу өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан 2018-2020-жылдарга Гендердик теңчилик боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын (31.3 чара) алкагында гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Азыркы учурда Министрлик тарабынан “InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоору менен биргеликте аны Кыргызстандын ЖМКларынын ишмердигине киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

топтордо иштөө

Ош облусунун журналисттери үчүн гендердик теңчилик маселелери боюнча маалымдуулукту жана түшүнүктү жогорулатууга, гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары менен таанышууга багытталган жана гендердик сунуштарды маалыматтарды чагылдырууда колдонуу боюнча практикумдарды камтыган тренинг уюштурулду.

практикалык иштедин учуру

Тренинг Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ тарабынан ишке ашырылып жаткан “InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” долбоору тарабынан уюштурулду.