Көрүүсү начарлар үчүн версия
«ДАТКАЙЫМ» АЯЛДАРДЫН САЯСИЙ ЛИДЕРЛИГИНИН УЛУТТУК ПЛАТФОРМАСЫ НАСААТЧЫЛЫК ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ КИРГИЗЕТ

ДаткАйым» аялдардын саясий лидерлигинин улуттук платформасы «Саясаттагы аялдар» аттуу насаатчылык программасына катышуу үчүн ментор айымдарды тандоо боюнча ачык сынактын башталганын жарыялайт. «Саясаттагы аялдар» насаатчылык программасы аял лидерлердин жаңы муунун өнүктүрүүгө, аялдардын коомдук-саясий процесстерге катышуусун жогорулатууга, ошондой эле жергиликтүү жана улуттук деңгээлде чечим кабыл алууда аялдардын потенциалын күчөтүүгө багытталган.

«ДаткАйым» платформасы Кыргыз Республикасында аялдардын саясий өкүлчүлүгүн кеңейтүү жана аял лидерлигин ар тараптуу өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Демилгенин негизги максаты — аял лидерлердин коомдук жана саясий турмушка натыйжалуу катышуусу үчүн алардын потенциалын күчөтүү. Бул үчүн комплекстүү даярдыкты, ментордук колдоону жана карьералык жана коомдук өнүгүү үчүн узак мөөнөттүү мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган туруктуу платформа түзүлөт. Демилге аялдардын саясатка жана коомдук ишмердүүлүккө катышуусундагы учурдагы тоскоолдуктарды жоюуга гана эмес, аялдардын мамлекеттин өнүгүшүнө жана чечим кабыл алууга кошкон маанилүү салымын тааныган жаңы коомдук аңсезимди калыптандырууга да багытталган.

Платформанын алкагында аял лидерлерди, активисттерди, эксперттерди жана ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүн бириктирген аянтча түзүлөт. Анын максаты — аял лидерлигин өнүктүрүү жана Кыргызстанда инклюзивдүү саясий мейкиндикти түзүү. Платформанын негизги багыттарынын бири — аялдарды ар кандай деңгээлдеги шайлоо процесстерине натыйжалуу катышууга даярдоо болот. «ДаткАйым» платформасы Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын, 2030-жылга чейинки Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиянын, ошондой эле 2030-жылга чейинки аял лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын артыкчылыктарына ылайык ишке ашырылууда. Демилгенин алгачкы өнөктөштөрүнүн бири катары ЕККУ чыгууда.

Программага ар түрдүү тармактардагы аял лидерлер, учурдагы депутаттар жана мамлекеттик кызматкерлер, коомдук активисттер, эксперттер, ошондой эле Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка потенциалдуу талапкерлер чакырылат. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу каттоо анкетасын толтуруу зарыл: https://forms.gle/Ec2baqV72PD6Wfnn7 Каттоо 2026-жылдын 5-июнуна чейин ачык болот.

«ДаткАйым» улуттук платформасы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө маалыматты жайылтууга жана аял лидерлигин өнүктүрүү, ошондой эле аялдардын өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна катышуусун кеңейтүү маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Улуттук кампанияга катышуунун бардык этаптары (тандоо, окутуу, координациялоо, иш-чараларга катышуу), ошондой эле башка маанилүү маселелер боюнча кеңири маалымат алуу үчүн Кампаниянын Уюштуруу комитетине кайрылсаңыздар болот:

Айнура Усупбекова — «ДаткАйым» улуттук кампаниясынын координатору;

Зульфия Кочорбаева —Мыйзамдуулук демилгелеринин аялдар альянсынын төрайымы;

Наталья Никитенко — коомдук ишмер, эксперт.

Маалыматты тактоо үчүн медиа-эксперт Турумбекова Айринге төмөнкү номер аркылуу кайрылсаңыздар болот: +996 550 81 17 07

«ДаткАйым» улуттук кампаниясынын миссиясы — аял лидерлердин потенциалын ар тараптуу өнүктүрүүгө жана алардын саясий турмушка, анын ичинде парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо процесстерине активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү. Бул комплекстүү даярдык, ментордук колдоо, кызматташтыкты кеңейтүү жана тилектештик тармактарын бекемдөө аркылуу ишке ашырылат.