Көрүүсү начарлар үчүн версия
Майыптыгы бар аялдар жана кыздардын укуктарын кеңейтүү: Кыргызстанда зомбулук жана дискриминацияга каршы жаңы долбоор старт алды

«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси (STA) Канаданын Жергиликтүү демилгелер фондунун (CFLI) колдоосу менен «Майыптыгы бар аялдар жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: Кыргызстанда гендердик зомбулуктан коргоону күчөтүү» аттуу долбоорду ишке ашыра баштады.

Долбоор улуттук деңгээлде (Бишкек шаарында) жана Кыргызстандын жети облусунда: Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарында ишке ашырылат.

Долбоордун негизги максаты — майыптыгы бар аялдар менен кыздарга карата гендердик зомбулукту алдын алуу жана тийиштүү иш алып баруу боюнча туруктуу системаны түзүүгө көмөктөшүү.

📌 Долбоордун негизги багыттары:

1. Межведомстволук кызматташтык жана институционалдык чыңдоо
– Зомбулуктан коргоо боюнча методикалык сунуштарды, инструменттерди жана жаңыртылган стандарттарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
– Милиция кызматкерлери, прокурорлор, соттор, адвокаттар жана социалдык кызматкерлер сыяктуу негизги адистерди окутуу.

2. Юридикалык колдоо жана укуктук маалымдуулук
– Майыптыгы бар аялдар менен кыздарга зомбулуктан коргонуу боюнча акысыз юридикалык консультацияларды көрсөтүү;
– Зомбулуктан коргонуу укуктары жана механизмдери тууралуу жеткиликтүү окуу материалдарын даярдоо.

3. Коомдук маалымдуулук жана маалыматтык кампания
– Өкмөттүк мекемелер, ЖМК жана жарандык коом менен өз ара байланышта маалымдуулук жогорулатуу иш-чараларын өткөрүү;
– Майыптыгы бар аялдар менен кыздардын укуктары жана зомбулуктан коргонуу темаларына арналган маалыматтык-агартуу кампанияларын жүргүзүү.

Эмне үчүн бул маанилүү?

Майыптыгы бар аялдар менен кыздар дискриминациянын көп түрлөрүнө туш болушат жана зомбулуктун жогорку тобокелдигине дуушар болушат. Инфраструктурадагы тоскоолдуктар, укук колдонуудагы стереотиптер жана инклюзивдүү саясаттын жоктугу — алардын адилеттүүлүккө жана коргоого жетүүсүн кыйындатат. Коркуу сезими, ишенимдин жоктугу жана экономикалык көз карандылык жабыркаган аялдардын жардам суроосуна жолтоо болот.

Бул долбоор — системдүү маселелерди чечүүгө багытталган аракет. Ал кызмат көрсөтүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу, укук коргоо механизмдерин реформалоо жана инклюзивдүү саясатты илгерилетүү аркылуу ишке ашырылат.

Долбоор Канаданын Жергиликтүү демилгелер фондунун (CFLI) колдоосу менен ишке ашууда.