Көрүүсү начарлар үчүн версия
«Майыптыгы бар аялдар менен кыздардын зомбулуксуз жашоого болгон укугу: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» пресс-кафеси

2025-жылдын 2-декабрында Бишкекте зомбулукка дуушар болуп жаткан майыптыгы бар аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо маселесине арналган пресс-кафе өткөрүлдү. Иш-чара Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүн утурлап уюштурулган жана “Аялдар менен кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк жигердүү иш-аракеттер” глобалдык кампаниясынын алкагында өттү.

Майыптыгы бар аялдар, мамлекеттик органдардын, ЖМКнын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү бир аянтчада чогулушту. Пресс-кафе форматы журналисттерге эксперттер менен түздөн-түз баарлашып, суроолорду бергенге жана баяндарды адамдардын өз ооздорунан угууга мүмкүндүк берди.

Данияр Сапарбаев, ИИМдин КМКнын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана көчмө кабылдама пункттарынын ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы

Майыптыгы бар адамдар жашаган үй-бүлөлөрдөгү зомбулук көйгөйү дале жогору  латенттүү мүнөздө болууда. Бул туурасында КР ИИМинин Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердигин координациялоо жана коомдук коопсуздук кызматы бөлүмүнүн начальниги Данияр Сапарбаев билдирди.

«Бөлүмүбүздүн аталышы айтып тургандай эле, биздин ишибиздин негизги максаты – үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу болуп саналат. Ар бир аймактык ички иштер бөлүмүндө милициянын көчмө кабылдамалары бар жана алар калк менен түздөн-түз алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн кызмат кылышат.

Бүгүнкү тема тууралуу айта турган болсом, майыптыгы бар адамдар жашаган үй-бүлөлөрдөгү зомбулук маселеси дале жогору латенттүү мүнөздө калууда. Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, майыптыгы бар адамдардын өздөрүнүн жетиштүү маалыматы жок экендиги. Экинчиден, байланыштын же коммуникация каражаттарынын жоктугу. Үчүнчүдөн, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн майыптыгы бар адамдарды бириктирген жамааттар менен иштешүүнү күчөтүү зарыл.

Биздин статистикага кайрылсак, 2025-жылы майыптыгы бар адамга коргоо ордери тапшырылган бир факт катталган жана майыптыгы бар адамдар жабырлануучу катары белгиленген эки протокол түзүлгөн. Биз муну жетишсиз деп эсептейбиз. Биз өлкөдө майыптыгы бар адамдардын үлүшү жетишээрлик жогору экендигин билебиз, бирок бир катар себептерден улам алар айрым учурларда жардам сурап кайрыла алышпайт же зомбулук тууралуу кабарлай алышпайт. Ошондуктан биз коммуникацияны күчөтүү боюнча иш алпарып жатабыз.

Практика жөнүндө айта турган болсом, мындай кейстер бизде болгон. Жыл башында Ленин районунун ИИБда ЖМК материалдары боюнча да, жарандардын арыздары боюнча да кайрылуулар каралган. Жарандардын бул категориясы боюнча биз ар бир фактыны тыкыр карап чыгып, жабырлануучулар менен түздөн-түз байланышып, иш алпарабыз. Кээде адамдарды кризистик борборлорго алпарып жайгаштырган учурларыбыз да болгон.

Бирок биз мындай учурлардын өтө жогору латенттүү мүнөздө болушунан улам аныкталган фактылардын саны реалдуу жагдайга салыштырмалуу өтө аз деп эсептейбиз», — деп билдирди Сапарбаев.

Иш-чаранын программасына майыптыгы бар аялдар менен кыздарды коргоо жөнүндө видеороликти көрүп чыгуу камтылган. Бул видеону төмөнкү шилтеме аркылуу көрсө болот: https://youtu.be/lBmSLvzRUNI . Ошондой эле «КӨРҮНҮКТҮҮ ҮН» («Видимый голос») көргөзмөсүнүн презентациясы, викторина жана журналисттерге комментарийлер менен катышуучулардын жеке баянын жазып алууга мүмкүнчүлүк берген атайын убакыт да каралган.

 

Пресс-кафенин милдети — аталган тема коом жана медиа үчүн көрүнүктүү болушуна жетишүү. Көпчүлүк майыптыгы бар аялдар менен кыздар жынысы жана майыптыгы боюнча экилтик басмырлоого дуушар болууда. Ошол эле учурда алардын коргоого алынуу, сот адилеттигине жетүү жана колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү боюнча калып жатат. Иш-чара медианын алардын укуктарына көңүлүн буруусун күчөтүүгө, журналисттердин инклюзивдүү темаларды чагылдыруудагы компетенциясын чыңдоого, активисттер, эксперттер жана ЖМК ортосундагы кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга арналган.

«Быйыл президентибиз Садыр Жапаров майыптыгы бар адамдарга байланышкан жаңы мыйзамга кол койду. Мыйзам абдан прогрессивдүү мүнөзгө ээ. Биз бүгүн Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүн утурлап, пресса өкүлдөрү менен жолугушуп отурабыз. Бул пресс-кафени эң бир маанилүү иш-чаралардын бири деп эсептейбиз, анткени дал ушул ЖМК аркылуу коомубуз толеранттуулук, инклюзивдүүлүк, адамгерчилик, сабырдуулук жана бардык адамдарга сый-урмат менен мамиле кылуу деген эмне экендиги жөнүндө маалымат алат эмеспи.

Бүгүнкү пресс-кафе «Майыптыгы бар аялдар менен кыздардын зомбулуксуз жашоого болгон укугу» темасына арналды. Быйыл алгачкы жолу биз өнөктөштөрүбүз менен биргеликте өлкөнүн бардык региондорунда мындай акциялар менен семинарларды өткөрө баштадык. Кыргызстандын бардык жети облусунда окуу иш-чаралары өткөрүлдү. Алардын мааниси өтө чоң: аларга бардык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты, анын ичинде мен адвокатуранын, укук коргоо органдарынын, сот тутумунун жана прокуратуранын өкүлдөрүн өзгөчө белгилеп кетким келет.

Биз коомубузда зомбулукка жол берилбеши керектигин түшүнүп турабыз. Зомбулукка таптакыр чыдабас мамиле жасалууга тийиш. 25-ноябрда “Зомбулуксуз 16 күн” глобалдык кампаниясы ишин баштады жана ал 10-декабрга чейин уланмакчы. Бул мезгил аралыгында жалпы өлкөбүз: «Зомбулукка жол жок», – деп билдирмекчи. Ушуну эске алуу менен, ошондой эле келе жаткан Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө байланыштуу биз дал ушул майыптыгы бар аялдар менен кыздарга көбүрөөк басым жасоону чечтик. Бул өтө маанилүү тема, анткени дал ушул аялдар менен кыздарга карата жасалган зомбулук учурлары көбүнчө латенттүү мүнөзгө ээ болууда.

Бирок биз бардыгы ачык-айкын болушун каалайбыз. Ачык-айкындык коомго терс көрүнүштөр менен күрөшүүгө, алардын санын азайтууга жана келечекте аларды толугу менен жоюуга мүмкүндүк берет. Мындай көрүнүштөр коомдо орун албоого тийиш. Биз ар бир адамдын татыктуу жашоого укугу болгон гармониялуу, коопсуз, инклюзивдүү коомдо жашашыбыз керек.

Мен сөз кылып жаткан мыйзамдын прогрессивдүү мүнөздө болушунун дагы бир көрүнүшү – эми биз “ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген” (ДМЧА) деген түшүнүктөн расмий түрдө баш тартып жаткандыгыбыз. Бул жөн гана бир аталышты башкасына алмаштырып коюу эмес. Бул – коомдун майыптыгы бар адамдарга болгон мамилесин өзгөртүп жатат. Биз эми аларды бөлүп, четтетип, көңүлдөн алыс калтырбайбыз. Майыптыгы бар адамдар коомубуздун ажырагыс бөлүгү болуп саналат, алар башкалардай эле Конституцияда белгиленген бардык укуктарга ээ болгон жарандар эмеспи.

Биз аларды чектеп же басмырлабашыбыз керек. Алар – биздей эле жарандар, болгону белгилүү бир дене-бойлук өзгөчөлүктөрү бар. Өлкөбүздүн саясий артыкчылыктуу багыттары менен үндөшкөн инклюзивдүүлүктүн маани-маңызы ушунда. Кыргызстан жигердүү ишке киргизип жаткан улуттук стратегияда да, туруктуу өнүгүү максаттарында да ушундай деп белгиленүүдө», — деп билдирди министрдин орун басары.

 

Айнура Орозбаева, КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары

Пресс-кафе КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен КР Акыйкатчысы тарабынан “Социалдык технологиялар агенттиги” Коомдук бирикмеси менен биргеликте Европа Биримдигинин, БУУ Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын жана Канада жергиликтүү демилгелер фондусунун колдоосу менен уюштурулду.