Көрүүсү начарлар үчүн версия
Майыптыгы бар ар бир кош бойлуу аял дарыгерлердин кайдыгер мамилесине дуушар болот

Активист айым жана “Назик Кыз” коомдук фондунун жетекчиси Укей Мураталиева БШО менен төрөлгөн. Укей бала кезинен эле коом тарабынан четке кагууга дуушар болуп келген – адегенде аны бала бакчага кабыл алышкан эмес, андан кийин апасы кызын мектепке кабыл алуусуна жетишти.

“Алты жашка жакындап калганда апам чуркап, мени мектепке кабыл алыш үчүн сүйлөшө баштады, ал жакта толугу менен баш тартышкан. Ал тургай мени менен бир нерсе болуп кетсе, эч кандай доомат кылбайм деп тилкат жазып берген. Бирок ошондо да мени кабыл алууга макул болгон мугалим жок болчу. Бүткүл мектептен бир гана мугалим кабыл алууга макул болуп, мен 6 жашымда мектепке кирдим. Класска келгеним эсимде. Менин классым абдан жакшы болчу, алар мага абдан жакшы мамиле кылышчу”, — деп эстейт Укей.

Активист айым өзүнүн балалыгын жана билим алуусун – коом тарабынан түзүлгөн жасалма тоскоолдуктарды жеңүү деп атайт.  

“Менин окууга жана адамдык укуктарымды ишке ашырууга болгон аракетимди баатырдыкка теңегенге каршымын. Менин оюмча жагдай башкача болгондо айлана-чөйрө, стереотиптик ой жүгүртүү жана инклюзивдик билим берүүнүн жоктугу жараткан бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келмек. Менин мектептеги окуум, университеттеги окуум — бул сен төө эмес экениңдин мезгил-мезгил менен далилдөө”, — дейт Мураталиева.

Укейдин айтымында, адамдар анын майыптыгына ар башкача мамиле кылышат – таксисттер колясканын айынан көрсөтүлгөн дарекке баргысы келбейт, кээ бирөөлөр дайыма кеңеш бергиси келет, башкалары сакайып кетүүнү каалаганда колдоп жатам деп ойлошот, атүгүл активист айымды ибадат кылбагандыктан “ушундай” болуп калды деп күнөөлөгөндөр да бар.

Ооруканаларда майыптыгы бар адамдарга кайдыгер мамиле кылуу өзүнчө көйгөй. Кыргызстанда 96 миңден ашуун аялдын майыптыгы бар.

Көпчүлүк адамдарга медициналык мекемелерге толук жеткиликтүүлүктүн жоктугунан гана эмес, айрым медициналык кызматкерлердин орой мамилесинен улам доктурга баруу кыйынга турат. Гинекологго барганда же кош бойлуулукту пландаштырганда, алардын абалы ого бетер начарлайт.

“Дарыгерлердин оорулуу аял оорулуу балдарды төрөйт деген стереотиптик ой жүгүртүүсү жана күтүүсү бар. Кош бойлуу болгон ар бир майыптыгы бар аял жагымсыз мамилеге дуушар болот. Майыптык – бул жагдай. Бирок, төрөп жаткан аялды майып эмес, аял катары көрө турган дарыгерлерди издөөгө туура келет. Ар бири адатта жеке клиниканы издейт. Сенде миллион акча бар болгондуктан эмес, бизге адамдык мамиле керек болгондуктан. Андан кийин анализдерди кайда жана канча акчага тапшыруу керектигин издөө керек”, — деп нааразы болот Мураталиева.

Укей кош бойлуу болгон майыптыгы бар аялдарга жардам берет –чындыгында, ал аларды анализ тапшыруудан баштап төрөткө чейинки бардык этаптардан өткөрөт.

“Мен башкалардын кош бойлуулугун коштоп жүргөн жылдары кайда барарымды билем. “Майыптыгы бар аялдар” кыймылы менен биргеликте достук дарыгерлер пулун түздүк. Бир нече жыл мурун биз Адамды репродукциялоо борборунун эң сонун дарыгери — акушер-гинекологу Адашбек Манасбекович Муратбековду таптык”, – деп бөлүштү активист айым кубануу менен.

Активист айым майыптыгы бар кош бойлуу аялдарга жардам берүү  – социалдык тармактарга бир нече билдирүү жазуу эмес, бул бүтүндөй стратегия экенин айтат.

“Бул бир айлык жумуш эмес. Кош бойлуулукту толугу менен коштоо керек. Андан кийин төрөт жана төртөттөн кийиник мезгил. Сен бүтүндөй системаны түзүп, бул адам жөнүндө айтып бересиң”, — деп түшүндүрөт Мураталиева.

Социалдык тармактарда майыптыгы бар аялдардын кош бойлуулугу жөнүндө жазуу да коркунучтуу. Жеке билдирүүлөрдө Укейге күйөөсү жана тууганы тууралуу суроолордон баштап, “аны менен кайсы келесөө жыныстык мамиледе болду?” деген сыяктуу кемсинткен билдирүүлөр келет. 

“Аны менен жыныстык мамиле кылды дегени кандай? Бул жеке жашоосу бар адам. Менин аялды суракка алууга укугум жок. Бул менин ишим эмес. Бизди эми кош бойлуу суроолор күтүп жатканын түшүнөм. Кудайга шүгүр, азыр жакшы мамиле кылган дарыгерлер жана чет өлкөдөн да колдоо көрсөтүүгө даяр катардагы кыргыз эли бар”, – дейт активист айым.

Ушундай коомдук кысымдан улам кээ бир майыптыгы бар аялдар балалуу болуу идеясынан баш тартышы мүмкүн.

“Айрымдары чыдай албай, бойдон алдырышат. Төрөгөндөр бул этаптан өтүштү – андайлар аз. Бизге жардам сурап кайрылышат жана биз жардам беребиз, биз алардын канча нерсени башынан өткөргөнүн түшүнөбүз.

Балалуу болууну чечкен майыптыгы бар аялга олуттуу жоопкерчилик жүктөлөт. Ал дароо эле стереотиптерге, стигмаларга, анын кандай адам экендиги жөнүндө божомолдорго дуушар болот. Жана аны аял катары көргөндөр аз. Алар үчүн ал жөн гана акылынан адашкан оорулуу адам. Сен жөнүндө жарым-жартылай аял катары, оорулуу адам катары божомолдоолор талкалайт”, – дейт кайгыруу менен Мураталиева.

Активист айымдын айтымында, кээде дарыгерлер майыптыгы бар аялдарга төрөөгө тыюу салышат, алардын айрымдары мажбурлап стерилизациялоого да дуушар болушат.

“Мындай учурлар бар, бирок мындай окуяга туш болгон бир дагы аял бул жөнүндө эч кимге айтпайт” – деп баса белгилейт ал.

История подготовлена в рамках исследования «Женщины с инвалидностью в Кыргызстане: вызовы и рекомендации» проекта «InKoom– Содействие развитию справедливого и инклюзивного общества в Кыргызстане». Проект реализуется ОО «Агентство социальных технологий» при финансовой поддержке Европейского Союза (https://sta.kg/incoom/).