Көрүүсү начарлар үчүн версия
Майыптыгы бар адамдарга инфраструктура объекттеринин, коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү боюнча жыйын өткөрүлдү

2024-жылдын 4-июнунда InKoom долбоорунун командасы КР Министрлер Кабинетинин алдындагы майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Кеңештин кезектеги отурумуна катышты.

Отурумга КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Эдиль Байсалов, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Маматбек уулу Чыңгыз, Кеңештин төрагасынын орун басары, Толкунбек Исаков, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын , КР Башкы прокуратуранын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Кеңештин катышуучулары

Жыйындын жүрүшүндө майыптыгы бар адамдарга инфраструктура объекттеринин, коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү боюнча маселелер талкууланды.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов өз сөзүндө, 2030-жылдарга Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасы бар экенин белгиледи.

“Программа 6 артыкчылыктуу багыттарды көздөйт: Майыптыкты медициналык, социалдык баалоону оптималдаштыруу, реабилитация жана абилитация, жеткиликтүү билим, жеткиликтүү эмгек рыногу, протездик ортопедиялык кызмат көрсөтүү системасын модернизациялоо болуп эсептелет. Бишкек жана Ош шаарларында жаңы имараттар, социалдык объектилер, жолдор курулуп жатат. Башка региондорубуз бар. Эки баш калаабыз өздөрү мисал болуп, жаңы инфраструкткраны стандарттар менен технологияларды туура колдонуп, ошол эле коомдук транспорт, аудио-графикалык жана тексттик алып жүрүүчүлөрдүн болушуна,  ыңгайлуу отургучтар ж.б. Бул Кеңеш Министрлер Кабинетине караштуу болгондуктан, Министрлер Кабинетинде өтүшү керек эле. Бирок, ал жерде эч кандай шарт жок. Муну “абсурд” десе да болот. Жаңы ушул айдын аягы менен биздин Президентибиздин жаңы имараты шарттары менен болот. Балким, эмки жыйыныбызды ошол жерден өткөрөбүз.

КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Эдиль Байсалов, КР Эмгек, Кеңештин төрагасынын орун басары, Толкунбек Исаков

Кеңештин төрагасынын орун басары, Толкунбек Исаков: “Кеңештин отурумдарында майыптыгы бар адамдарга тиешелүү ар кандай актуалдуу маселелер каралып келет. Каралган маселелер такыр эле алдыга жылбайт дегенден алысмын. Албетте, ылдамдыгы биз каалагандай эмес. Бирок өзгөрүш бар. Мисалы, Билим берүү министрлиги өтө көп кырдуу, өтө маанилүү министрликтин бири. Майыптыгы бар адамдарга билим өтө чоң мааниге ээ. Анткени, майыптыгы бар адам канчалык билимдүү болсо, ошончолук мамлекетке жүк келбейт. Жакында Билим берүү министрлиги жаңы долбоордо Майыптыгы бар адамдарга да тиешелүү болгон бир нече оорулардын тизмесин коомдук талкууга чыгарды. Мисалы, глаукома оорусу, жүрүм-туруму боюнча кыйынчылыгы бар адамдар боюнча.Мугалим болуп иштөө боюнча тыюу салуу боюнча сөз болуп жатат. Бул-дискриминациялык долбоор. Биздин баш мыйзамыбыздын 24-беренесинде ачык жазылган, майыптуулуктун белгилери боюнча адам кодуланбаш керек. Экинчиден, 2019-жылы Майыптыгы бар адамдар жөнүндө конвенцияны ратификацияганбыз. Конвенцияга ылайык, майыптыгы бар адамдар толук кандуу коомго аралашканга укуктуу”, деди.

Жыйында майыптыгы бар адамдарга инфраструктура объекттеринин жеткиликтүүлүгү жана коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү боюнча КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, КР Башкы прокуратурасы, КР транспорт жана коммуникация министрлиги баяндама окушту.

Андан соң майыптыгы бар адамдардын укугун коргогон уюмдардын активисттери транспорт менен инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү боюнча суроолорун, сунуштарын берип, талкуу өткөрүлдү.