Көрүүсү начарлар үчүн версия
Кыргызстандын ЖОЖдорунда гендердик сезимталдык журналистиканын стандарттарына окутуу киргизилет.

2024-жылдын 22-февралында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмеси “InKoom – адилеттүү жана инклюзивдик коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. 

Бул Меморандумдун максаты – Окуу-методикалык комплекстерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу “Журналистика” адистигинде билим алып жаткан студенттерди даярдоо программасына гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарын киргизүү боюнча демилгелерди биргелешип ишке ашыруунун алкагында кызматташууну өнүктүрүү.

Директор ОО “АСТ”-Зульфия Кочорбаева и Ректор КГУ им. И.Арабаева-Айгуль Абдраева

Долбоордун ишмердүүлүгү аялдарга, жаштарга жана балдарга карата зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүү аркылуу Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдик коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле жеткиликтүү, көз карандысыз жана сапаттуу ресурстары бар мугалимдердин санын көбөйтүүгө, анын ичинде билим берүү тармагында калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктарды кеңейтүү жана жарандардын өнүгүүнүн негизги милдеттери болгон адам укуктарынын күн тартибине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

Меморандум Бишкек жана Ош шаарларындагы ЖОЖдор менен түзүлдү: И.Арабаев атындагы КМУ, Б.Ельцин атындагы КРСУ,К.Карасаев атындагы БГУ, Ала-Тоо эл аралык университети, ОшМУ.

Бул Кызматташтык Меморандуму ЖОЖдор менен Коомдук бирикменин ортосундагы эффективдүү кызматташууну координациялоого багытталган, гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарын “Журналистика” адистиги боюнча билим алып жаткан студенттерди даярдоо программасына киргизүү боюнча демилгелерди ишке ашыруунун алкагында ЖОЖдорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу окуу материалдарын, билим берүү стандарттарын жана окуу пландарын түзүү жана “стереотиптерден эркин билим берүү” мамилесин жайылтууга багытталган.