Көрүүсү начарлар үчүн версия
Кыргызстандын кыздардын мектептен чыгып кетүүсү жана эрте никеге туруу көйгөйлөрү боюнча диний конфессиялар менен коомдук диалог уюштуруу тажрыйбасы Венада ЕККУнун адамдык өлчөмү боюнча кошумча кеңешмеде сунушталды

2023-жылдын 26-27-июнунда Австриянын Вена шаарында ЕККУнун адамдык өлчөм боюнча кошумча жыйыны өтүп, ал жерде толеранттуулукту колдоодо жана коргоодо жана басмырлоого каршы күрөшүүдө жарандык коом уюмдарынын ролу, ошондой эле алардын аракеттеринин натыйжалуулугун баалоо жана аларга жумушун аткарганга керектүү мейкиндикти жана колдоону берүүнүн мыкты жолдору талкууланды.

Адамдык өлчөм боюнча кошумча кеңешмеге ЕККУнун мүчө мамлекеттери, ЕККУнун институттары жана түзүмдөрү, эл аралык уюмдар, жарандык коом, ЖМКнын жана ушул темада тиешелүү тажрыйбасы бар башка тараптардын өкүлдөрү катышышты.

2023 жылдын 27-июнунда “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмеси тарабынан кеңешменин алкагында гендердик-сезимтал аспекттер боюнча конфессиялар аралык диалогдорду уюштуруу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы сунушталган сайт-эвент уюштурулду. Кыргызстандын тажрыйбасы жөнүндө презентацияны Социалдык технологиялар агенттигинин директору Көчөрбаева Зульфия баяндады.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында «ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу» деп кепилдик берилет. Бирок, Кыргызстанда ата-энелердин диний ишенимдеринин негизинде кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн чектөө маселеси актуалдуу бойдон калууда жана мыйзамдык деңгээлде тыюу салынганына жана бул актынын криминалдаштырылганына карабастан, Кыргызстанда эрте никеге туруу маселеси курч бойдон калууда жана ушул себептен кээ бир кыздар мектепти бүтүрбөй окуунун таштаганга мажбур болушат.

Бул көйгөйгө көңүл буруу үчүн 2022-жылы “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ тарабынан мамлекеттик органдар менен өнөктөштүктө 7 облуста коомдук диалогдорду жана Кыргызстандын 38 мектебинде маалыматтык кампания уюштурулган.

2023-жылы 10-майдан 23-июнга чейин өлкөнүн бардык 7 облусунун 14 райондорунда (ар бир облуста 2 райондон кем эмес) 500дөн ашык адамдын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, диний ишмерлердин, ар кандай конфессиялардын, билим берүү уюмдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык өнүктүрүү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, коомдук уюмдардын жана балдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, гендердик теңчилик маселелери боюнча иш алып барган активисттердин катышуусу менен кыздардын билим алуу укуктарын жана эрте турмушка чыгуудан коргоо, зомбулуктан жана басмырлоодон коргоо маселелери боюнча коомдук Диалогдор өттү.

Диалогдун катышуучулары кыздардын эрте никеге туруусун жана мектептен чыгып кетүүсүн алдын алуу, анын ичинде диний жамааттарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча активдүү биргелешкен иштин зарылдыгын моюнга алышты, өз ара маалымдоо маселелери, биргелешкен аракеттердин алгоритмдери, ошондой эле секторлор аралык кызматташуу маселелери талкууланды.

Коомдук диалогдорду “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “конфессиялар аралык диалогду жана толеранттуулукту илгерилетүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менен кызматташтыкта уюштурулган.