Көрүүсү начарлар үчүн версия
Кыргызстандын климаттык күн тартибине гендерге сезимтал ыкмаларды интеграциялоо

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (мындан ары — ЖРЭТКМ) БУУнун Өнүктүрүү Программасынын техникалык колдоосу менен “Климаттык перспектива” долбоорунун алкагында Улуттук деңгээлде аныкталган салымдардын (ОНУВ 3.0) үчүнчү циклин иштеп чыгууда. Бул жаңы цикл гендердик жана социалдык аспекттерди, анын ичинде акыйкат өтүү, гендердик теңчилик жана инклюзивдүүлүк принциптерин комплексдүү эске алууга багытталган.

Бул өзгөчө маанилүү, анткени климаттык чаралар эффективдүү гана эмес, ошол эле учурда адилеттүү жана инклюзивдүү болуп, калктын бардык катмарынын, айрыкча аялдардын жана башка аярлуу жана жетишсиз өкүлчүлүк алган топтордун кызыкчылыктарын коргошу керек.

Ушуга байланыштуу, 2025-жылдын 16-июлунда «Кыргыз Республикасынын климаттык күн тартибиндеги гендердик аспекттерди эске алуу: УДАС 2.0 боюнча гендердик анализдин жыйынтыктарын кароо жана УДАС 3.0 долбооруна гендерге сезимтал чараларды киргизүү боюнча сунуштарды чогултуу» темасында Улуттук консультациялар өткөрүлдү.

Консультациялардын ачылышында Жазгүл Эгемназарова, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары — ЭСКММ КР) үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана гендердик саясат боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы жана Аида Дүйшөнбиева, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин климаттык саясат бөлүмүнүн башкы адиси, ошондой эле климат саясаты боюнча гендер маселелерине жооптуу адис сөз сүйлөштү.

Жазгүл Эгемназарова өз сөзүндө бүгүнкү иш-чара климаттык саясатта маанилүү бурулушту билдирерин белгиледи. Техникалык чечимдерден акыйкат жана инклюзивдүү ыкмаларга карай багыт, бул жерде калктын аярлуу катмарынын, өзгөчө аялдардын, реалдуу муктаждыктары эске алынат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги гендердик саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган катары мындан ары да мамлекеттик саясаттын бардык багыттарында, анын ичинде климаттык күн тартибинде, гендерге сезимтал ыкмаларды илгерилетүүгө көмөктөшөт.

Консультациялардын алкагында Аида Дүйшөнбиева «ОНУВ 3.0 иштеп чыгуунун жүрүшү» темасында баяндамасын сунуштап, Кыргыз Республикасынын климаттык милдеттенмелерин жаңылоо боюнча негизги этаптарды жана ыкмаларды белгиледи. Ал климаттык саясатта инклюзивдүүлүктүн, сектор аралык өз ара аракеттенүүнүн жана адилеттүүлүк менен теңдик принциптерин интеграциялоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Гендердик эксперт Бактыгүл Исланбекова УДАС 2.0 долбоорунун гендердик анализинин жыйынтыктарын жана УДАС 3.0 долбооруна киргизүү үчүн сунушталган гендердик сезимтал чаралар жөнүндө айтып берди. Ал аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган, климаттык тобокелдиктерге дуушар болгон тармактарда (айыл чарба, суу ресурстары, саламаттыкты сактоо, энергетика жана өзгөчө кырдаалдар) гендердик сезимтал чараларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Исланбекова айыл жерлеринде жашаган аялдар менен кыздар, анын ичинде майыптыгы бар аялдар жана кыздар климаттык кризистин алдыңкы сабында турганын, ресурстарга жеткиликтүүлүгү чектелүү жана аялуу экенин баса белгиледи. Ал гендердик аспектилерди эске албастан, адилеттүү жана туруктуу климаттык өнүгүү мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Суроо-жооп сессиясынан кийин катышуучулар тематикалык топтордо иштешти. Ар бир топ климаттык саясаттын белгилүү бир секторуна — айыл чарба, өнөр жай, токой жана биотүрдүүлүк ж.б. — багытталып, УДАС 3.0 долбооруна киргизүү үчүн гендерге сезимтал чаралар жана индикаторлор боюнча сунуштарды талкуулап жана иштеп чыгышты.

Практикалык сессиянын жыйынтыгында аялдардын жана аялуу катмардын муктаждыктарын чагылдырган конкреттүү демилгелер жана так сунуштар, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана ага ыңгайлашуу боюнча инклюзивдүү механизмдерди түзүү боюнча сунуштар иштелип чыкты. Бул сунуштарды мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде аялдардын укуктарын коргоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жаштар жана өнөктөштөр киргизди.