Көрүүсү начарлар үчүн версия
Кыргызстандагы санариптештирүү: өлкөдө майыптыгы бар аялдардын ишке орношуусуна зор түрткү берилет

22-октябрm “Технопарк” коворкинг-борборунда салтанаттуу азем өтүп, анда майыптыгы бар аялдарга заманбап компьютердик жабдуулар жана адистештирилген программалар берилди. Бул жабдуулар аялдарга санариптик кесиптерди өздөштүрүүгө жана эмгек рыногунда өз ордун табууга жардам бермекчи. Иш-чара Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “InKoom – Кыргызстандагы адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын саны жыл сайын өсүүдө. Майыптуулук чөйрөсүндөгү жалпы абал: 2024-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында 216 миңге жакын майыптыгы бар адамдар же жалпы калктын 3%га жакыны бар. Акыркы беш жылдын ичинде алардын саны 10,5 процентке өстү. Майыптыгы бар адамдардын жалпы санынын 165 миңден ашыгын чоңдор түзөт, же калктын 4% түзөт жана 2016-жылга салыштырмалуу алардын саны 10,4 пайызга өскөн.

Майыптыгы бар аялдар жана кыздардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында жаңы кесиптерге жана жумшак көндүмдөргө окутууларды жүргүзүү менен катар техникалык жардам көргөзүү менен Бишкек жана Ош шаарларында “НАзик Кыз” КБ менен субгрант ишке ашырылган.

Бардыгы болуп, 120дан ашуун майыптыгы бар кыз-келиндер окутуудан өткөн жана 30дан ашуу кыз-келиндер жумушка орноштурулган. 

 “InKoom” долбоору компьютердик жабдуулардын, адистештирилген программалардын жана гаджеттердин 15 жыйнагын сатып берди. Бул жыйнактар ар кандай формадагы майыптыгы бар аялдарга даректелип, бардык эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп берет.

“Бул жөн гана жабдуу эмес, бул жаңы жашоого мүмкүнчүлүк, айымдарга мыкты ийгиликтерге жетип, көз карандысыз болуп, суроо-талапка ээ адис болууга мүмкүнчүлүк”, – деп билдирди азем убагында Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы  Ханс Фарнхаммер.

Ханс Фарнхаммер, Евросоюздун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы

Иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри щрун басары Чыңгыз Маматбек уулу буларды айтты: “Майыптыгы бар аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү – бул социалдык адилеттүүлүккө тиешелүү маселе гана эмес, бул ошондой эле Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү фактору. Биз ар бир адам, физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, өз дараметин ишке ашыра ала турган инклюзивдүү коомду түзүүгө багытталган демилгелерди кубаттайбыз”.