2024-жылдын 9-июлунан 11-июлуна чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар үчүн адам укуктары жана адвокация боюнча мектеп өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандагы 7 облустан келген, ар кандай түрдөгү майыптуулугу бар 18ден 35 жашка чейинки жаштар катышты.
Катышуучулар гендердик теңдикти жана инклюзивдүү өнүгүүнү илгерилетүү боюнча билимдерин тереңдетип гана тим болбостон, эффективдүү баарлашуу жана чечим кабыл алуучу адамдар менен өз ара аракеттенүүнүн практикалык көндүмдөрүн да өздөштүрүштү.
Биринчи күн гендердик теңдик жана инклюзивдүү коом жаатындагы билимдерди тереңдетүүгө жана ушул маанилүү багыттарда кызматташуу келечегин талкуулоого арналды. Экинчи жана үчүнчү күндөр чечим кабыл алуучу негизги фигуралар менен өз ара аракеттенүүнү пландаштырууга жана эффективдүү баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган активдүү практикалык көнүгүүлөр менен өттү.
Окууну аяктагандан кийин катышуучулар тестирлөөдөн өтүшүп, натыйжада «Майыптыгы бар жаштар үчүн адвокация жана укуктар мектеби» программасын ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды. Мындан тышкары, эң жогорку баллдарды топтогон катышуучулар арасында жеңүүчүлөр аныкталды.
Тренинг Европалык Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.