Көрүүсү начарлар үчүн версия
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН АЛДЫНДАГЫ ГЕНДЕРДИК ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА УЛУТТУК КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

16-октябрда “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин директору Зульфия Кочорбаева Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынына катышты.

Зульфия Кочорбаева КР Министрлер Кабинетинин жыйынында

Жыйынга КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гулнара Баатырова, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары – Үмүтжан Аманбаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары – Жаңыл Алыбаева, БУУнун Аялдар уюмунун Кыргыз Республикасындагы жетекчиси – Улзийсурен Жамсран, гендердик эксперт – Зульфия Кочорбаева, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  жана башка министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

сүрөт КР Министрлер Кабинетинин сайтынан алынды

Катышуучулар аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк кампанияны уюштурууну, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине караштуу Сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга жардам берүү борборун түзүү, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо боюнча мамлекеттик программасынын долбоорун, Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо жана аны ишке ашыруу боюнча 2024-2027-жылдарга иш-чаралар планын талкуулашты.

сүрөт КР Министрлер Кабинетинин сайтынан алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш гендердик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну, ошондой эле гендердик өнүктүрүү боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу боюнча аналитикалык жана эксперттик иштерди координациялоочу координациялык, консультациялык, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.