2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын «Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча эксперттик консультациялар өткөрүлдү.
Иш-чара мамлекеттик структуралардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун, жарандык коомдун өкүлдөрүн бириктирди.

Өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында гендердик теңчиликти камсыздоого багытталган негизги жоболор сунушталды жана талкууланды:
🔹 Аялдардын башкарууга катышуусун кеңейтүү — бийлик органдарында аялдардын өкүлчүлүгүн жогорулатууга жана алардын бардык деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процесстеринде ролун күчөтүүгө багытталган мыйзамдык жана институционалдык демилгелер каралды.
🔹 Эл аралык эмгек стандарттарын сактоо — ЭЭУнун ратификацияланган конвенцияларынын контекстинде аялдар жана эркектер үчүн эмгекке бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды камсыз кылуучу эл аралык ченемдерди ишке ашыруу механизмдери талкууланды.
🔹 Комплекстүү колдоо чаралары — басмырлоого каршы күрөшүүнү, үй-бүлөлүк саясатты өнүктүрүүнү, ата-энеликти колдоону, ошондой эле социалдык жана экономикалык чөйрөлөрдө аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча программаларды камтыган негизги багыттар козголду.
🔹 Гендердик теңчилик жөнүндө мыйзам долбоорун алдыга жылдыруу — катышуучулар гендердик теңчиликти институционалдык жактан бекемдөөгө багытталган мыйзам долбоорунун учурдагы абалы менен таанышып, аны андан ары алдыга жылдыруу стратегиясын, анын ичинде парламенттик угууларды жана эксперттик талкууларды талкуулашты.
Мындай жолугушуулар адилеттүү жана инклюзивдүү коомду калыптандырууга өбөлгө түзгөн диалог жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн платформа болуп калышы маанилүү.
Бул иш-чара, ошондой эле мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана талкуулоо процесси КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын жана гендердик теңчиликтин укуктары боюнча кеңешинин катчылыгы жана КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан төмөнкүлөрдүн колдоосу менен уюштурулган:
- SDC тарабынан каржыланган «Өнүгүү максатында жарандардын катышуусу» долбоору;
- Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен «Социалдык технологиялар агенттиги» КБ тарабынан ишке ашырылып жаткан «InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү» долбоору;
- БУУнун Өнүктүрүү Программасы;
- Эл аралык эмгек уюму.