Көрүүсү начарлар үчүн версия
Кымбаттуу достор! 26-27-майда Бишкекте «Ынтымак-2» сейил багында Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жаткан биринчи Europe Summer Fest Bishkek – 2023 өткөрүлөт.

Кымбаттуу достор! 26-27-майда Бишкекте «Ынтымак-2» сейил багында  Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жаткан биринчи Europe Summer Fest Bishkek – 2023 өткөрүлөт.

Фестиваль европалык маданияттын, сооданын, ашкананын, музыканын атмосферасын сезүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле Европа менен Кыргызстандын кызматташуу рухун бекемдейт.

Фестиваль 26-майда саат 17:30да азыркы кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын концерти менен башталат. Ошондой эле европалык бренддер катышкан мода шоусу болот.

27-майда саат 11.00 дөн 19.00 гө чейин Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен, Европа Биримдигинин катышуучу өлкөлөрү жана башка өнөктөштөр менен кызматташтыкта Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан ар кандай долбоорлор тарабынан иш-чаралар уюштурулат. Бардык келүүчүлөргө европалык  ашканасынын тамак-ашы, эко-азыктары берилет, конокторду конкурстар жана аткаруулар күтөт. Мындан тышкары, күн бою саат 8:00дөн 18:00гө чейин негизги сахнада жана Жашыл, Санариптик жана Жаштар борборлорунда, Спорт аянтчасында балдар жана чоңдор үчүн иш-чаралар, оюндар, викториналар жана конкурстар уюштурулат.

Аталган фестивалдын алкагында Европа Биримдигинин колдоосу менен” Социалдык технологиялар агенттиги ” КБ тарабынан ишке ашырылып жаткан” Кыргызстандагы адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү ” долбоору бардык каалоочуларды социалдык тармакта төмөнкү хэштегтерди колдонуу менен инклюзия жана гендер темасында пост/ролик/рилс ж.б.у.с.жарыялоо боюнча сынакка катышууга чакырат:

#InKoom

#eu4genderequality

#EU4KG

#ЯзаИнклюзивноеОбщество

#ГендерноеРавенство

#ИнклюзивдүүКоом

#EuropeFEST2023

Кыргызстанда инклюзивдүү коомду өнүктүрүү боюнча пикириңизди социалдык тармактарга жарыялап, биздин сынакка катышып, долбоордон баалуу сыйлыктарды алыңыз!

Ошондой эле, бардык каалоочулар викториналарга катышууга, суроолорго жооп берүүгө жана баалуу сыйлыктарды алууга мүмкүнчүлүк алышат.Баалуу байгелерди алуу үчүн фестиваль учурунда (27-майда саат 11.00 дөн 19.00 гө чейин)Ынтымак-2 сейил багындагы 2-Тентке Жаштар аймагынын каршысында жайгашкан InKoom долбоорунун маалыматтык  столуна баруу керек. Фестивалга жана конкурска/викториналарга катышуу акысыз.InKoom долбоорунун конкурсуна катышуу үчүн жана викториналар боюнча Айдай Иргебаевага кайрылсаңыздар болот – 0557 443 044(тел/WA/Telegram).

Долбоор жөнүндө кененирээк маалыматты СТАнын веб-сайтынан жана социалдык тармактарынан алууга болот.: www.sta.kg

Фейсбук: https://www.facebook.com/stakg