Көрүүсү начарлар үчүн версия
КР Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлдү

Бүгүн, 2024-ж. 19-мартта “InKoom” долбоорунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын кеңешинин кезектеги отурумуна катышты. Отурумда мамлекеттик органдардын жана майыптыгы бар адамдардын укугун коргогон коомдук уюмдардын өкүлдөрү майыптыгы бар адамдардын азыркы учурдагы абалы тууралуу талкуу жүргүзүү менен бирге көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунушташты.

Отурумдун катышуучулары (сүрөт КР Эмгек, социалдык камсыздоо, миграция министрлигинин сайтынан алынды)

Майыптыгы бар адамдардын кеңешинин отурумуна КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары- Эдиль Байсалов, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри-Баатырова Гульнара, Кеңештин төрагасынын орун басары-Исаков Толкунбек, КР Жогорку Кеңешинин депутаты-Дастан Бекешев жана Раимбачаева Венера, “Тилектеш” борборунун директору-Абдукадырова Лола, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Майыптыгы бар адамдардын эмгек жаатындагы укуктары жөнүндө КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сөз сүйлөдү. Гульнара Баатырованын айтымында, учурда майыптыгы бар жарандар үчүн «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасы ишке ашырылууда.
«Санариптештирүүнүн алкагында калкты, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү максатында министрлик тарабынан «Zanyatost.kg» порталы жана модулу жана «Жумуш издөөчү катары каттоого электрондук кайрылуу» иштелип чыгып, ишке киргизилген.

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри-Баатырова Гульнара,КР Жогорку Кеңешинин депутаты-Дастан Бекешев

КР Жогорку Кеңешинин депутаты-Дастан Бекешев өз сөзүндө өзгөчө кырдаалдарда майыптыгы бар адамдарды куткаруу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине башка мамлекеттердин тажрыйбасы менен таанышып, бул кырдаалга даяр болуу үчүн ыкчам иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.

“Теңдик” майыптыгы бар адамдардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Гульмира Казакунова акыркы жер титирөө маалында майыптыгы бар адамдар өздөрүн алып жүрүүсү боюнча даярдыгы жок экенин билдим дейт. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине даярдаган суроолорун жана сунуштамаларын атап өттү:

1. «Табигый өзгөчө кырдаалдар маалында кыймылы чектелген адамдарды, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды (нозологиянын бардык түрлөрү боюнча) эвакуациялоо жана куткаруу» нускамасы барбы?

2. Ар кандай категориядагы жарандарды, анын ичинде майыптыгы бар адамдарды куткаруучу фонддун болушу.

3. Майыптыгы бар адамдардын муктаждыктарын эске алуу көз карашынан алганда кырсыкка даярдыкты баалоо боюнча комиссия барбы?

4. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүндө, адамдарды куткарууда майыптыгы бар адамдар да каралганы жөнүндө изилдөөлөр барбы?

5. Табигый кырсык маалында угуу, сүйлөө жана көрүү боюнча майыптыгы бар адамдар үчүн жаңсоо тилинде куткаруу чаралары жөнүндөгү видеоматериалдар барбы?

6. Өзгөчө кырдаалдар маалында майыптыгы бар адамдарды кабарлоо кандай жүргүзүлөт?

7. Өзгөчө кырдаалдарда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн (көзү көрбөгөн, угуусу начар адамдар  үчүн) эскертүү системасынын механизми иштелип чыгабы?

8. Жарандык коомго, ыктыярчыларга жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине өзгөчө кырдаал учурунда майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүү боюнча окутуу программасы барбы?